Forbes рейтинги: Голливуд жылдыздары канча иштеп табат

актерлор Сүрөттүн автордук укугу Reuters\getty images

Forbes журналы түзгөн рейтинг боюнча "Трансформерлер" тасмасынын жылдызы Марк Уолберг эң көп киреше тапкан актерлордун сап башында аталды. Ал акыркы бир жылда 68 млн доллар иштеп тапкан.

Мунусу менен дагы деле болсо кино жылдыздар арасындагы кирешелер боюнча гендердик теңсиздик тууралуу талаштарга жем таштады.

Forbes журналынын эсептөөсүндө тизмедеги алдыңкы он актер дээрлик жарым миллиард доллар тапса, ал эми алдыңкы делген он актриса булардан эки эсе аз кирешеге ээ болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Райан Гослинг актрисалардан көбүрөөк иштеп тапканы менен ($29 млн) тизмеде 14-орунда.

Мурда рейтингдин башында келген Дуэйн Жонсонду экинчи орунга сүрүп, лидер болуп чыга келген Уолберг "Трансформерлер: Акыркы рыцарь" жана «Саламатсызбы, ата! Жаңы-жыл 2»! тасмадагы жараткан ролдору үчүн жакшы акча алган.

Эң кымбат акча төлөнгөн актриса Эмма Стоун жыл ичинде 26 млн доллар киреше иштеп таап, жалпы тизмеде 15-орунда аталды. "Ла-Ла Ленд" тасмасындагы анын өнөктөшү Райан Гослинг болсо 3 млн көбүрөөк иштеп таап, 14-орунга чыккан.

Эмма Стоун жакында эле аны менен бирге тасмага тартылып калган актерлор кээде актрисадан көп албаш үчүн аз суммадагы гонорарга деле макул болушарын айтканы бар. Төлөмдөрдөгү теңсиздик тууралуу Натали Портман жана Женнифер Лоуренс дагы пикирлерин билдирген.

Актерлер арасындагы рейтинг:

  • 1. Марк Уолберг - $68 млн
  • 2. Дуэйн Жонсон- $65 млн
  • 3. Вин Дизель- $54,5 млн
  • 4. Адам Сэндлер - $50,5 млн
  • 5. Жеки Чан - $49 млн
  • 6. Роберт Дауни кичүүсү. - $48 млн
  • 7. Том Круз - $43 млн
  • 8. Шах Рукх Кхан - $38 млн
  • 9. Салман Кхан - $37 млн
  • 10. Акшай Кумар - $35,5 млн
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Женнифер Лоуренс.

Актрисалардын рейтинги:

  • 1. Эмма Стоун- $26 млн
  • 2. Женнифер Энистон- $25,5 млн
  • 3. Женнифер Лоуренс - $24 млн
  • 4. Мелисса МакКарти- $18 млн
  • 5. Мила Кунис- $15,5 млн
  • 6=. Эмма Уотсон- $14 млн
  • 6=. Шарлиз Терон- $14 млн
  • 8=. Кейт Бланшетт - $12 млн
  • 8=. Джулия Робертс - $12 млн
  • 10. Эми Адамс- $10,5 млн (AbA)

Тектеш темалар