Samsung башчысы коррупция үчүн беш жылга түрмөгө кесилди

Ли Чжэ Ён в суде Сүрөттүн автордук укугу AFP

Түштүк Кореядагы эң бай бизнесмендердин бири Ли Чжэ Ён мурдакы президент Пак Кын Хенин коррупция жаңжалы боюнча айыпталып, беш жылга түрмөгө кесилди.

Пак Кын Хенин импичмент алып, президенттик кызматтан кетишине алып келген коррупция жаңжалы ага аралашкан ири корпорацияларга да эл ичинде нааразылык жаратты.

Ли сот процессинде экс-президенттин курбусу жана кеңешчиси Чхве Сунь Силдин кол астындагы фонддорго акчаларды мыйзамсыз бергенин мойнуна алган жок. Июнь айында Чхве бийликтен кыянат пайдаланганы үчүн үч жылга түрмөгө кесилди, ал эми Пак коррупция боюнча айыпталып иши сотко өттү.

Февралда кармалып, жума күнү соттолгон 49 жаштагы Ли электроника, уюк телефондорду, телевизорлорду, мониторлорду жана башка техникаларды чыгарган Samsung компаниясынын вице-президенти кызматын ээлейт. Бирок анын атасы, компаниянын президенти Ли Гонг Хи инфаркт болуп ооруп калгандан кийин Ли Чжен Ён иш жүзүндө корпорациянын башчысы болуп калды.

Айыптоочу тарап Линин Чхвенин фондуна төлөгөн 41 млрд вон (36 млн доллар) акчасын Түштүк Кореянын бийликтерине корпорациянын ишин реструктуризация кылуу үчүн берилген пара деп тапты.

Линин адвокаты сот өкүмүн талашып, дагы соттошо тургандыктарын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Экс-президент Пак коррупция боюнча айыпталып жатат.

Декабрда Түштүк Кореянын парламенти президент Пакка импичмент жарыялаган. Ал формалдуу түрдө президент болуп туруп, мартта Конституциялык сот импичментти бекиткенден кийин бийликтен алынган.

31-мартта экс-президент камакка алынып,, тергөө изоляторуна киргизилген.

Пакка расмий айыптоолор 17-апрелде коюлду. Аны пара алган, бийликтен пайдаланган жана мыйзамсыз кысымдарды жасаган деп айыпташууда. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар