Фото: АКШдагы соңку 13 жылдагы эң кубаттуу бороон

Жессика Кэмпбелл менен Жонатан Фитцджеральд кырсыктын очогунда болуп калды. Рокпорт шаарчасы. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жессика Кэмпбелл менен Жонатан Фитцджеральд кырсыктын очогунда болуп калды. Рокпорт шаарчасы.

Техастагы "Харви" бороону саатына 215 чакырым ылдамдык менен жүрүп, кыйсыпыр кылды. Кеминде бир киши каза таап, жээктеги бир нече шаарларда турак-үйлөр жабыркады. Болжолу 200 миң киши жарыгы жок олтурат.

Техас суу ташкынына даярдык көрүүдө. Алдыдагы күндөрдө дагы нөшөөрлөгөн жамгыр уланат деп күтүлүп жатат. АКШ президенти Дональд Трамп табият кырсыгы болгон аймакка барат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Рокпорт.

АКШ 2004-жылдан бери мындай бороондун соккусун көрө элек эле. Анда "Чарли" бороону 15 кишинин өмүрүн алып, $16 млрд чыгым алып келген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption «Харви» бороону жээкти түн жарымында жапырып кирди.

Бул соңку жарым кылым ичиндеги Саффир-Симпсон шкаласы боюнча кубаттуулугу төртүнчү даражадагы АКШ жээктерине чейин жете келген төртүнчү бороон болуп калган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Рокпорттун аэропорту реконструкцияга муктаж болуп калды.
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Рокпорттогу өрттүн кесепетинен бир киши каза тапты деп билдирди шаардын мэри Чарльз Уокс.

Курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн деген кооптонуу бар. Жергиликтүү үйлөрдүн биринин чатыры урап түшүп, куткаруучулар азырынча кишилерге жете элек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Билли Рейндин үйү урап түшкөн. Ал душ турган кабинага кире калып аман калыптыр.

Биринчи абдан катуу келип урулган бороон бара-бара акырындап калды.

Куткаруу иштерине миңге чукул адам тартылды деди Техастын губернатору Грег Эбботт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дэйзи Грэхам достору кудай эле сактап аман калышканын айтып берүүдө. Анткени шамал үйдүн чатырын алып кетип, ичине дубалдары урап түшкөн. Алар өлдү деп ойлогомун дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дэйзи Грэхам достору кудай эле сактап аман калышканын айтып берүүдө. Анткени шамал үйдүн чатырын алып кетип, ичине дубалдары урап түшкөн. Алар өлдү деп ойлогомун дейт ал.

Табият кырсыгынан катуу жабыр тарткан калтуу Корпус-Кристи конушу. Бул жээктеги эң ири порт шаарлардын бири. Мунай-химиялык жүктөр ташылат.

Жээк кайтарган күзөт кызматы эгерде суу ташкыны боло турган болсо мунай продуктулары төгүлүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бороон Техаска жалгыз эле келген жок соңку суткаларда метеорологдор дээрлик 70 ирет эскертүү беришкен.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жээктеги конуштар биринчилерден болуп сокууну кабыл алышты.

Бийлик коңшулаш райондордогу ооруканаларда жетиштүү медициналык жардамдар болорун убадлап жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Корпус-Кристидеги баш калка кылган жайда жарык жок калды.

Тектеш темалар