Хьюстондо мародерчулуктан улам коменданттык саат киргизилди

"Харви" боороону, нөшөөрлөп токтобой жаткан жамгырдан кийин шаардын чоң бөлүгү суу алдында калды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Харви" боороону, нөшөөрлөп токтобой жаткан жамгырдан кийин шаардын чоң бөлүгү суу алдында калды.

Бүтүндөй тарыхында эң көп чыгым алып келген суу ташкынын башынан кечирип жаткан Американын Хьюстон шаарына коменданттык саат киргизилди.

"Харви" боороону, нөшөөрлөп токтобой жаткан жамгырдан кийин шаардын чоң бөлүгү суу алдында калды. Кеминде 15 киши каза таап, көптөгөн үйлөр ураган.

Хьюстондун мэри Сильвестр Тернер коменданттык саат мародерчулук менен күрөшүү үчүн зарыл болуп турганын айтты.

Көлөмү боюнча Хьюстон АКШдагы төртүнчү ири шаар.

Шейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп кыйроолорду өз көзү менен көрүү үчүн Техаска келди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Хьюстондун жолдорун бүт суу басты.

Мунун алдында жергиликтүү суу сактагычтагы суунун деңгээли критикалык абалга чейин көтөрүлүп, Аддикс дамбасы аркылуу ашып түшө баштаган эле.

Коменданттык саат жергиликтүү убакыт боюнча таңкы бештен баштап киргизилди. Канчага уланары так айтылган жок. Куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине тартылып жаткан ыктыярчыларга, өзгөчө кырдаал учурунда иш алып барган кызматкерлерге мунун тиешеси жок.

Шаардын мэри Тернер коменданттык саат - кожоюндары коопсуз жайларга чыгарылып кеткен үйлөрдөгү уурулукту токтотуу үчүн керек болорун айтты.

Буга чейин шаар бийлиги мародерчулук жана куралдуу карактоо болгонун айткан эле. Табият кырсыгынан кийин өз үйлөрүн миңдеген кишилер таштап чыгып кетти.

Шейшембиде Улуттук метеорологиялык кызматы Техастагы жаан-чачындуу аба-ырайы АКШнын континенталдык бөлүгүндө жаңы рекорддук чекке жеткенин билдирген эле.

Президент Трамп Техаска жана Луизианага өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Мындай абал табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн чукул каржылык жардам көрсөтүүгө жана башка чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.

Деген менен алдыдагы күндөрдө жаан-чачындын токтой турган түрү жок дейт адистер.(AbA)

Тектеш темалар