Түндүк кореялык династиянын сыры: Кимдердин бүлөөсү

Сеулдун маалыматына караганда, Ким Чен Ындын жубайы Ли Соль Чжу февралда үчүнчү наристесин жарык дүйнөгө алып келди. Сүрөттүн автордук укугу AFP/kgna
Image caption Сеулдун маалыматына караганда Ким Чен Ындын жубайы Ли Соль Чжу февралда үчүнчү наристесин жарык дүйнөгө алып келди.

Түндүк Кореядагы жашырылып келген көпчүлүк көрүнүштөр сыяктуу эле Ким Чен Ындын чөйрөсү тууралуу эч нерсе ачык айтылбайт.

Бирок Түштүк Кореядан келип жаткан айрым маалыматтарга караганда, КЭДР лидеринин жубайы Ли Соль Чжу февраль айында үчүнчү наристесин жарык дүйнөгө алып келди.

Анын кош бойлуу экени тууралуу алгачкы божомолдор 2016-жылдан айтыла баштаган эле. Анан ал бир учурда эле коомчулукка чыкпай калды.

Түндүк Корея лидеринин эки баласы болжолу 2010-жылы жана 2013-жылдар аралыгында төрөлүшкөн. Бирок алардын уул же кыз экени тууралуу маалыматтар жок. Ошондуктан азырга чейин түндүк кореялык лидердин мураскери бар-жогу белгисиз бойдон келүүдө.

Экинчи наристеси Чжу Э ысымдуу кыз экени айтылган. Бул тууралуу 2013-жылы британдык Guardian басылмасына берген интервьюсунда капыстан эле Кимдин жакын досу болуп калган америкалык баскетболчу Деннис Родман билдирген.

Мынчалык сыр кылып жашыруунун эмне кереги бар?

Түндүк кореялык ММКлар өлкөнүн жетекчилик кызматындагылардын жеке жашоосу тууралуу эч нерсе жазышбайт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty
Image caption Айрым маалыматтарга караганда жаш чагында Ким Чен Ын башка эле ысым менен Европада окуган.

Ким Чен Ындын балалыгы тууралуу да көп деле маалымат жок. Ал биринчи жолу коомчулуктун алдына атасынын көзү өтөрдөн алдын 2010-жылы сентябрда чыккан.

Ал тургай анын туулган күнү да белгисиз. Ал 1983-1984-жылдары туулган болушу мүмкүн деп эсептелип жүрөт.

Анын чоң атасы, КЭДРдин негиздөөчүсү Ким Ир Сен өзүнүн жубайы менен бирге эл алдына көп эле чыгып турчу. Жубайлар балдары менен сүрөткө түшкөндү да жакшы көрүшкөн.

Ал эми атасы Ким Чен Ир сыр каткан киши болду. Анын кеминде төрт аялы бар экени айтылып жүргөн. Бирок бул мамилелеринин баарын жашыруун жүргүзүп, чоочун көздөн оолак кармап келген экен. Анын үч уулу жана бир кызы бар эле.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Түндүк Кореянын негиздөөчүсү жубайы жана мураскер уулу менен.

Биринчи жолу түндүк кореялык телеканалдар «жолдош Ли Соль Чжуну" 2012-жылы Ким Чен Ындын жубайы катары тааныштырышты. Анда да коомдук иш-чаралар учурунда анын жанында коштоп жүргөн аял ким деген суроого жооп издеп башташканда кабар таратышкан. Болжолу алар ушул окуядан үч жыл илгери никеге турган болушу мүмкүн эле.

Мураскерликтин татаал сызыгы

Ким Чен Ирдин кичүү уулу атасынын ордун басат, мураскер болот деген маселеде фаворит эсептелчү эмес. Бирок 2011-жылы атасы каза тапкандан кийин өлкө башына ал келди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty
Image caption Ким Чен Ындын аталаш агасы Ким Чен Нам (солдо балалык учуру, оңдо өмүрүнүн соңку жылдары) миграциядагы куунак жашоосу ыраазы болуп жашагандыгы айтылат.

Ким Чен Ирдин бүлөөсүнүн ичиндеги татаал мамилелер ушул жылдын февралында Ким Чен Ындын аталаш агасы Малайзия баш калаасындагы аэропортто өлтүрүлүшү менен көпчүлүктүн назарына илинди. Интернетте каза тапкан Ким Чен Намдын уулумун деген Ким Хан Соль ысымдуу табышмактуу жигиттин кайрылуусу чыкты. Бул албетте, түндүк-кореялык лидердин мураскерин көрсөтүүсүн андан бетер актуалдаштырды.

Кимдин жубайы тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөттүн автордук укугу AFP/kgna
Image caption Ким Чен Ын күтүүсүз жерден америкалык баскетболчу Деннис Родман менен достошкон.

Ли Соль Чжу тууралуу дээрлик эч нерсе билбейбиз. Бирок имиштерге караганда ал ырчы болгон жана сахнада ырдап жатып Ким Чен Ындын көзүнө түшкөн.

Түндүк Кореяда ушундай ысымдагы ырчы бар. Бирок ошол ырчы Түндүк Корея лидеринин жубайы деген тастыктама расмий түрдө бир да жолу айтылган эмес.

Улуттук лидердин үч баласы бар деп болжоого негиз болгон жалгыз гана себеп - анын жубайынын коомчулуктун алдына чыгып жана күтүүсүз жок болуп кеткенин байкоого алуудан улам. Болбосо балдардын туулганы тууралуу эч кандай расмий билдирүүлөр болгон эмес.

Кийимдеринин батыш стилинде болгону жана эркин манералары Ли Соль Чжуну байкоого алгандарды аны менен Мишель Обаманын ортосундагы окшоштуктарды издөөгө аргасыз кылган.

Мунун баары жаш лидердин либералдуу жана орточул көз караштагы башкарууну колго алат деген үмүттөрдү жараткан. Деген менен соңку учурда Пхеньяндын катарынан өткөрүп жаткан ракеталык сыноолорунан улам сырткы дүйнө менен мамилеси кескин начарлап баратат. (AbA)

Тектеш темалар