Футболдогу акылга сыйгыс акчалар кайдан келет?

Неймар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Футбол дүйнөсүндө ар жай сайын өтө ири суммадагы, фантастикалык акчалар колдон-колго өтөт.

"Барселона" Филиппе Коутиньону "Ливерпулдан" чоң акчага сатып алып, рекордду жаңылайбы? «Челсиге» кошулбай калган Диего Костаны ири каражатка сатып алуучулар чыгабы?

Мыкты футбол клубдары эң күчтүү оюнчуларды алууга умтулуп жатышат. Мыкты оюнчулар менен алардын агенттери болсо эң пайдалуу келишимдерди издөөдө. Ал эми өзүнүн мыкты оюнчуларын сатууга аргасыз болгон клубдар болсо, эч качан арзан баалагылары келишпейт.

Жыл өткөн сайын ушул эле көрүнүштөр кайталанат. Бул болсо футболчулар беш жылга келишим түзгөнүнө карабастан болуп жаткан көрүнүш. Дегеле футбол дүйнөсүндөгү каржы маселеси эмне болуп жатат? Мындай акчалар кайдан келет? Эмнеге жылдан-жылга оюнчулар кымбаттоодо? Бул каржылык башаламандык кайдан чыкты?

Келгиле талдап көрөлү.

Бул эмне деген сапырылган акчалар?

Ооба, башкача айтууга мүмкүн эмес. Ѳзүңөр карап көргүлө, жакында эле бразилиялык футбол жылдызы Неймар "Барселонадан" париждик ПСЖ клубуна 222 млн евро (265 млн долларга) өттү. Бул өткөн жылдагы трансфердик рекорддон эки эсеге көп. Анда француздук оюнчу Пол Погба үчүн "Манчестер Юнайтед" 105 млн евро төлөп берген.

Ушундан кийин эми күйөрмандарды таң калтыра турган нерсе калбады окшойт деп ойлошкон. А жок, көрсө андай эмес турбайбы.

Кептин баары футбол клубдарынын кетирген чыгымдарында эч кандай чектин жок экени. Мындай болсо биздин бир жылдан кийин эмне күтөт? Балким жаңы рекорд бүгүн же эртең, айталы, трансфердин акыркы сааттарында деле болуп калышы мүмкүн.

Эмне үчүн төлөшөт?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Неймар "Барселонадан" париждик ПСЖ клубуна 222 млн евро (265 млн долларга) өттү.

Футбол - бул эми глобалдык бизнес жана мыкты оюнчулар ар дайым ордун алмаштырып турушат. Маселен, Дэвид Бекхэм өзүнүн карьерасында Британия, Испания, АКШ, Италия жана Франция клубдарында ойноду.

Профессионал футболчулар белгилүү жылдар менен ченелген, беш жылга чейинки келишимдерди түзүшөт. Эгерде келишим мөөнөтү бүтө элек эле башка клубка өтүп жатса, ага сөзсүз сатып алып жаткан тарап компенсация иретинде төлөп берет.

Трансфер качан болот?

Бул бир жылда эки жолу болот. Дүйнөлүк футбол бирикмесинин (ФИФА) эрежеси боюнча мына ушул учурларда футбол клубдары чет элдик оюнчуларды сатып ала алышат. Мындай маалды трансфердик терезе деп коюшат. Кышкы учурдагы трансфердик терезенин мөөнөтү кыска, ал эми жайкысы бир топ узун болот.

Так датасы белгилүү бир өлкөлөрдүн футбол ассоциациялары тарабынан бекитилет.

Европада жайкы трансфердик терезе 31-августта жабылат. Ал эми АКШда 9-августта эле жабылган.

Оюнчуларды сатып алса эле бүттүбү?

Жок. Футболчу жана анын агенти, клуб жана юристтери, тейлегендер жаңы келшимдин үстүнөн ишке киришет. Анда айлык акы, болжолдуу бонустар жазылат. Оюнчулар болсо медкароодон өтүп, физикалык абалы боюнча тест тапшырат.

Эгерде футболчунун кандайдыр бир жаракат алганы белгилүү болсо бул компенсациянын өлчөмүнө таасирин тийгизет. Мындай болгондо айрым учурда трансфер үзгүлтүкө учурашы да мүмкүн.

Кимге канча?

Ошол эле 222 млн евро Неймардын өзүнө төлөнбөйт. ПСЖ муну "Барселона" клубуна төлөп берет. Айрым булактарга караганда, каражаттан 38 млн акчаны футболчунун башка клубка өтүшүн ишке ашырган кишилер, атасы, агенти жана бир нече киши алат. Андан кийин ПСЖ Неймардын маянасы үчүн болжолу жылына 45 млн евро төлөп берет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Клубдардын атрибуттарын сатуудан көп киреше түшөт.

Футболчунун сүрөтү түшүрүлгөн кийим-кече, буюмдардын укугу кимде болору келишимдеги негизги суроолордун бири. Адатта клубдар муну өздөрү көзөмөлдөгөнгө аракет кылышат. Пиар материалдарда жана жарнамаларда жүргөн сүрөттөрдү.

Бирок оюнчулар дээрлик көзөмөлдүн баарын берип койгулары келбейт. Алар да жарнамадан иштеп таба турган укугун сактап калуу умтулушат. Ошондуктан катуу соодалашуу болуп, көп учурда теңге бөлүп алышат.

Неймардын окуясын алганда, мында көп татаалдыктар бар. "Барселона" келишимди бузду жана өткөн жылы аны узартып жатканда айрым бонустук төлөмдөрдү алган деп сотко кайрыла турганын билдирди. Испандык клуб футболчудан чыгым үчүн 8,5 млн евро жана бонустун артка кайтарылышын талап кылып жатат.

Мындай акчалар кайдан?

Футболдо өтө чоң акчалар ойноп жатат. Дүйнөдөгү эң бай 20 клубдун баары Европада жана алардын 2015-2016-жылдагы иштеп тапкан акчасы 7,4 млрд евро (аудитордук Deloitte компаниясынын эсеби боюнча) каражатты түзгөн.

Эң көп киреше "Манчестер Юнайтед" клубуна (689 млн евро) таандык. Бул каражаттын 43 пайызы демөөрчүлүк келишимдерден жана сувенирдик продукцияларды саткандан түшкөн. (ПСЖ эми бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаса керек. Париждик кулб дүйнөгө "Неймар" деген жазуусу бар футболкаларды жайнатат).

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Эң көп киреше "Манчестер Юнайтед" клубуна (689 млн евро) таандык.

"Манчестер Юнайтед" клубуна телетрансляция укугу үчүн 39% киреше келип турат. Ошол эле учурда билеттерди сатуудан 18% пайда табат. Бул жакка трансфердик келишимдердин кирешеси киргизилбейт. Бирок, сөз жок клубдар дал ушундан, оюнчуларды сатуудан иштеп табышат.

Мурдатан эле ушундай беле?

Мурда бул сандар мынчалык таң каларлык суммага байланчу эмес. 1995-жылга чейин көпчүлүк европалык клубдардын чет элдик оюнчуларга квотасы бар эле.

1995-жылдан тарта Босмандын эрежеси деген (бул бельгиялык футболчунун ишине байланыштуу соттун чечиминен кийин) чыгып, ЕБ аймагындагы мыйзамды жокко чыгарышты.

Ушундан кийин европалык футбол адатагы эле эл аралык базарга айланды. Сандар улам өсүп олтурду. Англиялык премьер-лигада 2016-жылда чет элдик оюнчулар 70% түзгөн.

Азыркы учурда эң күчтүү клубдар байып жатышат. 2016-жылы англиялык премьер-лигадагы 20 клуб түз алып көрсөтүүчү компаниялар менен 10,4 млрд фунт (13,4 млрд доллар) каржатка үч жылдык келишим түзгөн. Бул профессионалдуу футбол тарыхында мурда-кийин болуп көрбөгөндөй пайдалуу медиа-келишим деп айтса болот.

Улуу Британиядагы BT жана Sky компаниялары премьер-лиганы түз алып бергени үчүн 10 млн фунтка жакын (12,9 млн доллар) каражат төлөйт.

Бул жакшыбы же жаманбы?

Көптөр кымбат бааланган трансферлер футбол үчүн жаман деп эсептейт. Маселен, Эл аралык профессионал футболчулардын бирикмеси FIFPro Неймардын трансферин атаандаштыкты талкалоочу деп мүнөздөдү.

Уюмдун башкы катчысы Тео ван Сеггелен бай клубдар, айталы "Манчестер Юнайтед", мадриддик "Реал" же мюнхендик "Бавария" мыкты оюнчуларды сатып алууга кудуреттүү болуп, жакыр клубдар аларга атаандаш боло албайт калууда деп айткан.

Деген менен ФИФА маалыматында ири суммадагы трансферлер көп деле тараган жери жок. Ѳткөн жылдагы трансферде 14% гана оюнчуларга каражат төлөнгөн. Калгандары клубдан клубка бекер эле өтүшкөн. (AbA)

Тектеш темалар