АКШ Сан-Францискодогу орусиялык консулдуктарды жабууну талап кылды

Сүрөттө: Орусиянын Сан-Францискодогу башкы консулдугу. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сүрөттө: Орусиянын Сан-Францискодогу башкы консулдугу.

Орусиянын америкалык дипломаттарды кыскартуу чечимине жооп кылып, АКШ Сан-Францискодогу орусиялык башкы консулдуктарды жабуу талабын билдирди.

Ошондой эле Вашингтондогу жана Нью-Йорктогу орусиялык соода өкүлчүлүктөрүн жабуу талабы айтылды. АКШнын мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө бул чечим «паритеттик принциптерге таянуу» менен кабыл алынганы айтылат. Орус тарап ишемби күнгө чейин аталган өкүлчүктөрүн жабуу керектиги белгиленген.

Мунун менен АКШ бийлиги орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарып жиберүүгө камынып жаткан жери жок деди мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт. Орусия өзү дипмиссиясы жайгашкан имаратты ээлеп кала берет, бирок аны дипломаттар үчүн колдонбойт.

Орус тарап АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кесиптеши Сергей Лавровко чалып, бул тууралуу кабардар кылганын ырастады.

Буга жооп кылып Лавров «эки тараптуу мамилелердин чыңалып жатканына» өкүнгөнүн билдирип, Москва муну тыкыр иликтеп чыгып, жаңы чаралар жана реакциясын жарыялай турганын айткан.

28-июлда Орусия 1-сентябрга чейин АКШ дипломаттарынын санын эки эсеге кыскартуусун, башкача айтканда 455 кишиге чейин кыскартуусун талап кылган эле.

Москванын түшүндүрмөсүндө дал ушунча кызматкер АКШдагы орусиялык дипмиссияда иштейт. Андан сырткары америкалык дипломаттарга элчиликтин дачаларын колдонууга тыюу салышкан. Муну орус тарап жаңы санциялардын каралып жатканына жооп кылган. Бирок ал учурда жаңы санкциялар боюнча мыйзам кабыл алына элек эле. Мыйзамга 2-августта гана АКШ президенти Дональд Трамп кол койду.

АКШнын мамлекеттик департаменти Орусиянын чечимине терең өкүнүчүн билдирди. Ал эми Трамп болсо тескерсинче Владимир Путинге ыраазычылык айткан.

"Мен ага [Путинге] рахмат дегим келет. Анткени биз кызматкерлерге кеткен чыгымдарды кыскартууга аракет кылып жатканбыз»,-деген Трамп.

Кийинчерээк Ак үй Трамптын айткандарын сарказм деп атады.

Обаманын мурасы

2016-жылдын 29-декабрында бийликтен кетип жаткан АКШ президенти Барак Обама Москванын америкалык шайлоолорго кийгилишкен болушу мүмкүн деп жаңы санкцияларды киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

АКШнын мамлекеттик департаменти ошол эле күнү 35 орусиялык дипломатты персона нон грата деп жарыялады. Андан сырткары Вашингтон Орусиянын Мэриленд менен Нью-Йорктогу дипломатиялык дачаларын жабарын билдирген эле.

Ал учурда Путин буга жооп кылуу укугун Орусия өзүнө алып калганын айтып, бирок «ашкана дипломатиясынын деңгээлине» түшпөй турганын билдиргени бар. (AbA)

Тектеш темалар