«ИМ» тобунун жетекчилеринин бири Халимов өлтүрүлгөнү кабарланды

Гулмурод Халимов

Орусиянын Коргоо министрлиги өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топко кошулуп кеткен Тажикстандын Ички иштер министрлигиндеги милициянын атайын бөлүгүнүн мурунку командири Гулмурод Халимов өлтүрүлгөнүн кабарлады.

Коргоо министрлиги билдирүүсүндө Халимов «ИМ» тобунун «согуш министри» деп аталып, ал Дейр-эз-Зор шаарынын алдында өлтүрүлгөнү айтылган.

Бул маалыматты тактаган башка булактар азырынча жок болуп турат.

Орусиянын Коргоо министрлиги Халимов аба соккусу учурунда өлгөн деп ырастоодо. Аба соккусу бул аймакта «ИМ» тобунун командирлери жыйынга чогулат деген маалыматтан улам жолдонгон.

Мекеменин маалыматында аба соккусунан 40 чукул согушкер, анын ичинде төрт талаа командири өлтүрүлгөнү кабарланган.

Жыйынга «ИМ» террордук тобунун «согуш министри» Гулмурод Халимов да келген жана ал алган жаракатынан каза тапкан деп ырастайт Коргоо министрлиги.

Гулмурод Халимов деген ким?

Тажикстандын Ички иштер министрлигиндеги милициянын атайын бөлүгүнүн командири полковник Гулмурод Халимов 2015-жылдын апрель айынын этегинде дайынсыз болуп кеткен. Ушул эле жылдын май айында интернетте анын "ИМ" экстремисттик тобуна кошулуп кеткени тууралуу кайрылуусу жарыяланган.

Болжолу бул видео Сирия аймагында тартылган болушу мүмкүн деп айтылган. Халимов кара кийимчен, колунда куралы менен орус тилинде кайрылуу жасайт.

41 жаштагы Халимов профессионал көзгө атар болгон жана Орусиядан, АКШдан аскердик даярдыктан өткөн. Ал мурун Тажикстанда президенттик гвардияда кызмат кылган. Гулмурод Халимов өлкө чыгышындагы оппозициялык күчтөргө каршы өктөрүлгөн 2009-жылдагы Рашт өрөөнүндөгү жана 2012-жылдагы Хорогдогу өнөктүктүн активдүү катышуучусу болгон.

Ѳткөн жылы август айында АКШнын мамлекеттик департаменти Халимов жүргөн жерин так айткан кишиге 3 миллион доллар убада кылга эле.

Ушул жылдын июль айында Тажикстандын бийлиги атайын операция учурунда Сирияга кетүүгө аракет кылган Гулмурод Халимовдун туугандарынан бир нече киши окко учканын кабарлаган. (AbA)

Тектеш темалар