Аун Сан Чжи БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышпайт

Демократиялык активдүү ишмердиги үчүн 15 жыл үй камагында болгон саясий ишмерге учурунда Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Демократиялык активдүү ишмердиги үчүн 15 жыл үй камагында болгон саясий ишмерге учурунда Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжи Рохинжа мусулмандарынын каны төгүлгөн зордук-зомбулуктарга байланыштуу эл аралык сындар күчөп жаткандыктан БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишине катышпай кала турган болуп жатат.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши шаршембиде Мьянмадагы кан төгүлгөн окуяларды караганы кезексиз жыйынга чогулат. БУУнун маалыматына караганда, Ракхайн штатында болгон аскердик операциянын учурунда 400 дөй адам курман болуп, 370 миңдей Рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке качып барып баш калкалады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“Ракхайн аймагындагы кыргын”

Аталган аймакта бүтүндөй кыштактар өрттөнүп кеткен учурлар болду.

БУУ Мьянманын өкмөтүн Рохинжа мусулмандарына каршы өткөргөн аскердик операциясын этникалык кыргындын накта үлгүсү деп айыптады.

Мьянманын бийликтери өз кезегинде Рохинжа согушкерлери менен согушуп жатканын билдирип, карапайым эл жабыркаган жок деп жатат.

Буддисттер көпчүлүктү түзгөн Ракхайн штатында Рохинжа аталган мусулман азчылыктар кысымга алынып жатканын көптөн бери айтып келатышат. Алардын бир нече мууну Мьянмада жашап келатканына карабастан, Ѳкмөт жарандык бербей, аларды мыйзамсыз иммигрант деп санап келатат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Турмушу ойрон болгон рохинжалар

Батыш өлкөлөрү Су Чжини кан төгүүнү токтотуп калуу үчүн жакшы аракет көргөн жок деп сынга алышууда.

Демократиялык активдүү ишмердиги үчүн 15 жыл үй камагында болгон саясий ишмерге учурунда Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Эки жыл мурдакы шайлоодо анын партиясы шайлоодо жеңип, бийликке келген. Ошондуктан Мьянмадагы азыркы бийликтин жүргүзгөн саясаты Су Чжинин жоопкерчилигинде деп жатышат.

Ага мурда тилектеш болуп колдоп келген Далай-лама, архиепископ Десмонд Туту жана ​​Малала Юсафзай сыяктуу эл аралык ишмерлер Су Чжини кан төгүүнү токтотууга чакырып жатышат. (KC)

Тема боюнча башка макалалар