Германиядагы шайлоо: Меркель төртүнчү мөөнөтүн сактап кала алабы?

Меркелдин негизги атаандашы Социал-демократиялык партиясынан канцлерликке талапкер катары чыгып жаткан Мартин Шульц аны сынга алып жатат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Меркелдин негизги атаандашы Социал-демократиялык партиясынан канцлерликке талапкер катары чыгып жаткан Мартин Шульц.

Германияда Бундестагга шайлоо өтүүдө. Бул шайлоодон Христиан-демократиялык союзу утуп чыкса, Ангела Меркель дагы төрт жылга өкмөттү башкарып калмакчы.

Христиан-демократиялык союзунун коалициядагы өнөктөшү Социал-демократиялык партиясы шайлоодо алардын негизги атаандашы болуп жатат.

Добуш берүү жайлары жергиликтүү убакыт боюнча эрте менен саат 08:00 дө ачылып, кечки алтыга чейин добуш берүү уланат.

Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго ишенсек бул ирет Бундестагга алты партия өтүп келиши мүмкүн. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери бир да жолу алты партия парламентке келе элек. Анын ичинде оңчул улутчулдар дагы уткан эмес. Эгерде жыйынтык ушундай болсо, анда учурдагы башкаруучу коалиция өзгөрүүгө учурашы мүмкүн.

Андан тышкары 2015-жылдан берки миграциялык кризистен кийин биринчи ирет жалпы элдик шайлоо өтүп жатканы да мааниге ээ. Меркель мигранттарга карата ачык эшик саясатын жарыялап, жыйынтыгында өлкөгө 900 миңге чукул качкын келген. Меркель өлкө бул көйгөйдү жайгарат деп убада берген эле. Бирок ошого карабастан анын партиясы көп колдоочусун жоготконун белгилегендер бар.

Меркелдин негизги атаандашы Социал-демократиялык партиясынан канцлерликке талапкер катары чыгып жаткан Мартин Шульц аны сынга алып жатат.

Утуп чыгышы мүмкүн деген партиялардын арасында антиисламдык, антимигранттык чакырыктар менен чыгып жаткан "Германия үчүн альтернатива" оңчул партиясы дагы аталып жатат.

Бул партия мурда аймактык гана деңгээлдерде шайлоого катышып келсе, миграцияга байланышкан маселелер курчугандан кийин популярдуу болуп чыга келди. Мындан сырткары "жашылдар" жана "солчулдар" атаандаштык жаратчу партиялар катары каралып жатат.

Шайлоо кандай уюштурулган?

Германияда 18 жаштан жогору курактагылар шайлоодо добуш берүү укугуна ээ.

Парламенттик шайлоо ар төрт жылда бир жолу аралаш система менен - пропорционалдык жана мажоритардык система менен өткөрүлөт.

Өлкөнүн аймактары 299 шайлоо округуна бөлүнгөн. Ар биринен Бундестагга бирден депутат шайланып келет. Партиялык тизме менен добуш берүү 16 көп мандаттуу округда жүрөт.

Шайлоодо 4828 талапкер катышууда, алардын 29% аялдар. «Жашылдар» жана «солчулдар» арасындагы талапкерлердин жарымын гана аялдар түзөт. Эң жашы улуу талапкердин курагы 89 жашта, эң жашы 18 жашта. (AbA)

Тектеш темалар