Германиядагы шайлоо: өлкө тарыхындагы бурулуш учур

Ангела Меркель Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Христиан-демократиялык союзунун коалициясы жеңишине карабастан партия 1949-жылдан бери шайлоодогу эң начар көрсөткүчкө ээ болду.

Ангела Меркель Германиянын канцлери кызматында дагы төрт жылга калып, мурдагыдай эле өлкөдөгү саясый сахнада үстөмдүк кылган фигура болуп калмакчы. Бирок шайлоо тыянагы анын партиясы үчүн жакшы болгон жок.

Христиан-демократиялык союзунун коалициясы Германиянын парламентинде 33 пайыз добушка ээ болуп, алдыга чыкты. Бирок бул жеңишине карабастан партия 1949-жылдан бери шайлоодогу эң начар көрсөткүчкө ээ болду.

«Биз күчтүү партиябыз жана биздин негизги тапшырмабыз өкмөттү куроо,-деп билдирди чогулган тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө. - Албетте, биз мындан да жакшы жыйынтыктарды күткөн элек».

Меркель азырынча коалициядагы болжолдуу өнөктөрү тууралуу эч нерсе айта элек. Болгону башка партиялар менен талкуулап көрөбүз деди. Башкаруучу коалицияга кошулуу ниетин "Жашылдар" партиясы билдирген.

Мартин Шульц башында турган Германиянын Социал-демократиялык партиясы шайлоодо 20,8 пайыз добуш алды. Шульц жана анын тарапташтары коалиция куроого катышпай турганын айтып, парламентте оппозицияга кетерин жарыялады.

Улутчулдардын ийгилиги

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Германия үчүн альтернатива» оңчул партиясынын өкүлү Алиса Вайдель өлкөгө миллионго чукул качкындарды жана мигранттарды кабыл алуу боюнча Меркелдин чечимин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү талап кыларын айтты.

Бундестагга биринчи жолу «Германия үчүн альтернатива» оңчул партиясы утуп келди. Бул партия катаал миграциялык саясатты киргизүүнү жактап келүүдө. Евродон баш тартуу, ошондой эле Орусияга карата санкцияларга каршы пикирди айтып келе жаткан партия.

«Германия үчүн альтернатива» оңчул партиясы 13 пайыз добуш алды. Эми Бундестагда алардын 90 мандаты болот.

Партиянын лидерлеринин бири Фрауке Петри «Твиттердеги» баракчасына Германия «чыныгы саясый жер титирөөнү башынан өткөрдү» деп жазды.

Негизги талапкерлер

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мартин Шульц - Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери жана башкаруучу коалицияда Меркелдин өнөктөшү болгон.

Ангела Меркель - көптөгөн германиялыктар үчүн стабилдүүлүктүн гаранты катары кабыл алынат. Ал өкмөттү 2005-жылдан бери башкарып келүүдө. Анын 2015-жылдагы миграциялык кризис учурундагы качкындар үчүн чек араны ачуу чечими айрым жагдайда анын популярдуулугун төмөндөттү. Бирок кийин Меркель өзүнүн жоготуп алган позициясын калыбына келтирди.

Мартин Шульц - Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери жана башкаруучу коалицияда Меркелдин өнөктөшү болгон. Бул жагдайдан улам шайлоо өнөктүгү учурунда Шульц өкмөттү ынанымдуу сындай алган жок.

Алиса Вейдель жана Александр Гаулянд - «Германия үчүн альтернатива» оңчул партиясынын алдыңыкы талапкерлери. Партия миграцияны чектөө чакырыгы менен чыгып, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө алардын популярдуулугу артты.

Оңчулдар антиисламдык жана көп учурда улутчул чакырыктар менен чыгып жатышты. Алар экинчи ирет шайлоого катышып жатышат. 2013-жылдагы шайлоодо беш пайыздык босогону өтө албай калышкан. Анда 4,7 пайыз добушка ээ болгон эле.

Бундестаг кандай куралат?

Федералдык шайлоолор ар төрт жылда бир жолу аралаш система менен - пропорционалдык жана мажоритардык система менен өткөрүлөт.

Германиядагы электораттар 61,5 млн шайлоочу деп эсептелип жүрөт.

Өлкөнүн аймактары 299 шайлоо округуна бөлүнгөн. Ар биринен Бундестагга бирден депутат шайланып келет. Партиялык тизме менен добуш берүү 16 көп мандаттуу округда жүрөт. (AbA)

Тектеш темалар