Каталониянын эгемендиги боюнча декларацияны Мадрид четке какты

Кечээ күнү Карлес Пучдемондун кайрылуусун угуу үчүн жүздөгөн жактоочулары чогулду. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кечээ күнү Карлес Пучдемондун кайрылуусун угуу үчүн жүздөгөн жактоочулары чогулду.

Автономиянын лидери Карлес Пучдемон тарабынан кол коюлган Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча декларацияны Испаниянын өкмөтү четке какты.

Испания өкмөтүнүн вице-премьер министри Сорайя Саенц де Сантамария Каталония лидери Пучдемонду «каерде жүргөнүн жана каякка баратканын билбеген адам» деп атады.

Эми премьер-министр Мариано Рахой министрлер кабинетин чукул жыйынга чогултуп, өкмөттүн кийинки кадамдарын талкууга алышы керек.

10-октябрда Карлес Пучдемон Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча декларацияга кол койгон. Бирок аймактык парламентти Мадрид менен сүйлөшүүлөрдү жайгарып алганча, эгемендикти жарыялабай турууга чакырган эле. Анын айтымында, 1-октябрда өткөн рефрендумда автономия көз карандысыз мамлекет болууга мандат берди.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Каталония парламентинин алдына көз карандысыздыкты жактагандар чогулду.

Шейшембиде Барселонада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Каталониянын парламенти полиция тарабынан курчоого алынды.

"Мыйзамды калыбына келтирүү"

1981-жылдагы төңкөрүштөн бери биринчи ирет олуттуу саясый кризиске кабылып жаткан Испания өкмөтү көз карандысыздык боюнча бир тараптуу кандай гана чечимдер болбосун тез арада жообун берерин эскертип, "мыйзамды калыбына келтирүү" чараларын көрө турганын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Каталониянын парламенти полиция тарабынан курчоого алынды.

Премьер-министрдин орун басары Сорайя Саенц де Сантамария «Каталондук өкмөттөгү акыл-эстүү кишилерди жардан секирбөөгө чакырам. Анткени башкаларды кошо сүйрөп кетесиңер»,-деп билдирүү жасады.

Барселонанын мэри Ада Колау болсо Пучдемонду жана премьер-министрди «абалды курчутпоого» чакырды.

Буга чейин Европа Биримдигиндеги Франция жана Германия Испаниянын бүтүндүгүн жактап чыккан. (AbA)

Тектеш темалар