Өкмөт чек арадагы кезек күткөндөрдү чатыр жана ысык тамак менен камсыздайт

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргыз-казак чек арасындагы абал

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков чек арадагы кезек күткөндөрдү чатыр жана ысык тамак менен камсыздоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы абалды ошондой эле алдыдагы аба ырайынын суук болушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү пунктундагы жарандарды ысык тамак-аш, ичүүчү суу жана биотуалеттер менен камсыз кылууну жана чатыр тигүүнү тапшырды. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына дарыгерлер тобун бөлүүнү, түнү-күнү медициналык тез жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну милдеттендирди. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын санын жана андагы тез бузулуучу азыктарды ташыган унааларды аныктап чыгуу тапшырмасы берилди»,-деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы өткөрмө бекеттер тууралуу маалымат.

Казакстан Кыргызстан менен чек арасында катуу көзөмөл тартибин киргизип, бул жагдайдан улам өткөрмө бекеттерде кишилердин жана авто унаалардын узун кезектери жаралды. Бул кечээ кечинде башталган. Бүгүн кырдаал өзгөргөн жок. Чек аранын Кыргызстан тарабында жүздөгөн унаалар жана кишилер кезекте турат.

«Ак-Жол» чек ара бектиндеги чек аранын Кыргызстан тарабында эки жүздөй авто унаа жана үч жүздөй киши кезек күтүп турат.

Казак-кыргыз чек арасындагы Талас аймагындагы "Чоң-Капка", Чүй облусундагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде кыйынчылыктар жаралганы айтылып жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүү таратып, 10-октябрдан тарта президенттик шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн билдирди. Бирок Кыргызстан тараптан эч кандай чектөөлөр жок деди чек ара кызматы.

"10-октябрь күнү саат 18:00дө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында коңшу өлкө чек арачылары күчөтүлгөн тарипте текшерүүнү баштаган. Мунун айынын чек ара бекетинде транспорт каражаттарынын, кишилердин узун кезеги жаралган",-деди чек ара кызматы.

Азырынча казак тарап бул боюнча түшүндүрмө бере элек. Айрымдар муну президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине карата айткан сын пикирине байланыштырып карап жатышат. Өткөн апта соңунда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин президенттик шайлоого кийгилишип жатат деп сындаган эле.

Мигранттарга кысым башталдыбы?

"Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын документтерин текшерүү күчөйт экен. Атайын рейддер болот экен деген кептер тарап кетти. Бири-бирине "Ватсап" байланыш тармагы аркылуу ушундай имиштерди таратып жатышат",-деп айтып берди Казакстанда иштеген Мирлан аттуу жигит.

"Алматы шаарында кечээ башталган. Милиция кызматкерлери документтерди текшерүүсүн күчөттү. Тараз, Чымкенттеги тааныштар дагы айтып жатышат. Жөнсүз эле документ текшерүү күчөп, үйлөрүнө чейин келип жатыптыр",-деп айтып берди Алматыда базарда соода кылган кыргызстандык Амир аттуу жаран.

«А.Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин биздин бийлик өз күчүн Казакстанда жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандарга көрсөтөм дегени болбогон чечим. «Кордайдагы» жасалма түрдөгү кырдаалды чыңалтуу мындай акциянын башталышы эмес деп үмүттөнөм. Ошол эле учурда Кыргызстан дагы бизге кандайдыр бир нерсени үйрөтө алат. Атамбаев Борбор Азиядагы өз эрки менен Баш мыйзамдын негизинде бийлигин өткөрүп берип жаткан биринчи президенттердин бири»,-деп жазды Фейсбук баракчасына казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев.

Бирок буга азырынча расмий эч кандай тыстыктоолор жок. Кыргызстандын негизги соода жолу Казакстан аркылуу өтөт. Бул өлкөдө 100 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары ар кандай тармактарда, көпчүлүгү соода тармагында эмгектенери айтылып жүрөт. Эки өлкө Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин мигранттарга мамиле жана чек арадан өтүү шарттары жакшырат деп айтылган эле.

Малымат булактары казак тарап Кыргызстан азыркы кезге чейин Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык, санитардык жана фитосантардык талаптарын толук аткарбай жатканы тууралуу кыйытканын жазып жатышат. (AbA)

Тектеш темалар