Кытай Компартиясынын курултайы: төрага император болобу?

Накануне открытия 17 октября XIX съезда Коммунистической партии Китая в Пекине предприняты особые меры безопасности Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Кытайдын Компартиясынын XIX курултайы ачылар алдында Пекинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

18-октябрда Пекинде Кытайдын Компартиясынын XIX курултайы ишин баштады. Бул курултай Кытайдын саясий башкаруусунда бир топ жаңылык алып келген жатат: ар бир он жылда мамлекеттин биринчи жетекчисин алмаштырып туруу саясаты аяктайт, ал эми Дэн Сяопиндин доорунан бери келаткан коллективдүү башкаруу принциби кайра каралып чыгат деп жатышат.

Компартиянын кезектеги курултайы ачылар алдында Пекинде өзгөчө коопсуздук чаралары көрүлдү. Элдик жыйындар үйүнүн жанында ачык от жагууга тыюу салынды, ошондой эле Пекиндин борборунан квартираны ижарага алууга болбойт. Баш калаага суюктуктарды, бычактарды, ал түгүл оюнчук куралдарды алып кирүүгө тыюу салынды, өз алдынча учкан аппараттарга, аэростаттарга да тыюу салышты.

Бул курултай Кытайдын башкаруу саясатына жаңы өзгөртүүлөрдү алып келген жатат. Биринчиден, мамлекеттин биринчи жетекчилерин ар бир он жылда алмаштырып туруу саясаты бүтөт окшойт.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Пекинде отко, суюктукка, шарларга эмнеге тыюу салынды?

Саясий бюронун Туруктуу комитетиндеги орундар жетиден бешке чейин кыскарат. Бул деген Си Цзиньпиндин жана Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Кэцяндын ыктымал мураскорлору бул комитетке кирбейт жана алардын ишин мурастап калбайт дегенди билдирет.

Булардын бири, ушул жылдын июль айында кармалып, бардык партиялык кызматтарынан алынган Сун Чженцайдын саясий жолу бүттү. Ал эми экинчи талапкер Ху Чуньхуанын саясий келечеги бүдөмүк.

Экинчиден, Дэн Сяопиндин доорунан бери келаткан коллективдүү башкаруу принциби кайра каралмакчы. Формалдуу түрдө алганда КЭРдин төрагасынын ордун эки беш жылдык мөөнөттөн көп ээлегенге болбойт, бул Конституцияга каршы келет.

Россияга окшоп, рокировка кылган оюндар Си Цзиньпинге жакпашы мүмкүн, анан калса бийликти беш жылга ишенип бергидей эч ким жок. Бирок байкоочулардын оюнча, төраганын кызматы эң маанилүүсү эмес. Ал үчүн КПКнын башкы катчысынын кызматын сактап калуу, куралдуу күчтөрдүн үстүнөн көзөмөлдү кармоо, башкача айтканда партиянын борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын кызматын сактап калуу маанилүү.

Кытайдын жаңы тарыхында мындай прецеденттер болгон - Дэн Сяопин да, Цзян Цземин да бийликтен формалдуу түрдө кеткен менен башкы командачынын кызматын беришкен эмес.

Кытайдын саясий салты боюнча мамлекеттик жогорку кызматта тургандар 68 жашка чыккандан кийин жакынкы курултайды отставкага кетишчү. Ырас, бул салт бейформал түрдө, ал эми бийлик төрүндөгү азыркы абал Си Цзинпинге бул эрежени айланып өткөнгө тоскоол боло албайт.

Кеп анын өзүндө деле эмес, төрага 64 эле жашта. Анын эзелки досу, партиялык тартипти караган борбордук комиссиянын башында отурган 69 жаштагы Ван Цишандын тагдыры кызык болууда.

2012-жылы бийликке келгенден кийин Си коррупция менен күрөштү активдүү баштап, анын жүрүшүндө бир миллиондой адам кызматынан алынды. Кээ бир аналитиктердин айтымында, өнөктүктүн чыныгы максаты партиялык жана мамлекеттик кызматты Синин каршылаштарынан тазалоо, алардын ордуна ишенимдүү адамдарды алып келүү болгон. Эми минтип кезек жогорку жетекчиликке да жетти.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Курултайга даярдык активдүү жүрүп жаткан кези

Байкоочулардын баамында, бул курултайдын жүрүшүндө кытай премьери Ли Кэцян (ал мурда КЭРдин төрагасы кызматы үчүн Си Цзинпин менен күрөшкөн) кызматтан кетиши күтүлөт. Анын ордуна Ван Цишан келет. Ван мыкты финансист жана менеджер катары саналат, ошондуктан жакшы премьер болот дешет.

Эгер Ван Цишань 69 жашында премьер кызматын ээлесе, анда, байкоочулардын баамында, бул Си Цзинпиндин КПКнын ички эрежелерин аттап өтүп, келерки XX курултайдын кийин да өлкөнү башкарууну уланткысы келип жатканын билдирет.

Тема боюнча башка макалалар