Испаниянын өкмөтү Каталонияга тикелей башкаруу киргизет

Карлес Пучдемон менен Мариано Рахой Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Карлес Пучдемон (солдо) менен Мариано Рахойдун алдында оор маселелер турат.

Испаниянын өкмөтү Каталонияны автономиялык макамынан ажыратуу процессин ишембиде баштай турганын билдирди. Каталония көз каранды эместик жөнүндө референдум өткөргөндөн кийин ал чечимди жокко чыгаруу боюнча Каталония өкмөтүнө Мадриддин койгон ультиматумунун мөөнөтү бейшембиде аяктады.

Премьер-министр Мариано Рахойдун басма сөз кызматы өкмөт бейшембиде эртең менен Конституциянын 155-беренесин ишке киргизип, Каталонияга тикелей башкаруу киргизет деп билдирди.

«Премьер-министр Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын ишембиде өткөргөн жатат. Министрлер кабинетинин жыйынында алар испан элинин, анын ичинде Каталониянын жарандарынын жалпы кызыкчылыгын коргоо жана автономдук бирикмедеги конституциялык тартипти калыбына келтирүү максатындагы чараларды карап, Сенатка беришет»,-деп айтты Испан өкмөтүнүн басма сөз катчысы Иниго Мендес де Виго.

Бул андан мурдарааак Каталониянын лидери Карлес Пучдемондун билдирүүсүнө кайтарылган жооп болуп калды. Пучдемон Мадрид сүйлөшүүдөн баш тартса, анда регионалдык парламент көз каранды эместик жөнүндө декларацияны жарыялайт деп айтты.

"Эгер борбордук бийликтер көгөрүп сүйлөшпөй, репрессияларды уланта турган болсо, Каталониянын парламенти көз каранды эместикти расмий түрдө жарыялоо боюнча добуш берүүнү баштайт»,-деп жазган Пучдемон Рахойго.

Бейшембиде эртең менен испан бийликтери Каталониянын лидерине көз каранды эместикти жарыялоодон баш тартуу жөнүндө койгон ультиматумдун мөөнөтү аяктады.

Бул мөөнөт аяктардан бир нече мүнөт мурда Пучдемон премьер-министр Рахойго жазган кат тууралуу маалымат жарыяланды, бирок байкоочулар ал конкреттүү жооп берүүдөн качты деп жатышат.

Пучдемон, эгер борбордук бийликтер тегерек столдо сүйлөшүүлөргө көнбөсө, Каталониянын көз каранды эместигин жарыялайт деп ойлошууда. Мындай кырдаал Каталонияда жарандык баш ийбөөчүлүккө алып келет деп кооптонушууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 18-октябрда футболдук мелдештеги күйөрмандар көтөргөн транспарант сүйлөшүүгө чакырууда.

Каталония 1-октябрда көз каранды эместик жөнундө референдум өткөрүп, тийиштүү декларацияга Пучдемон кол койгон. Бирок аны жарыялоону Мадрид менен сүйлөшүү өткөргөнгө чейин токтотуп койгон эле.

Референдумду испан бийликтери мыйзамсыз деп атаган жана ал дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган эмес.

Испаниянын 1978-жылы кабыл алынган Конституциясынын 155-беренеси Мадридке кризис шарттарында тикелей башкаруу киргизүүгө жол берет. Демократиялык Испаниянын тарыхында бул берененин күчү бир да жолу колдонулган эмес. (КС)