Көмүскөдөгү коркунуч: «ИМ» согушкерлери үйүнө кайткандан кийин эмне болот?

«ИМ» согушкерлери Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мындан үч жылдай мурун «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Ракканы басып алып, аны өзү жарыялаган «халифаттын» борборуна айландырган эле. Азыр эми жихадчылар ээлеп алган аймагынын чоң бөлүгүнөн сүрүлдү.

Согушкерлер теракттарды уюштуруу үчүн башка өлкөлөргө жөнөтүлөт деген коркунуч канчалык реалдуу?

Би-би-си бул суроо менен диний радикализм, экстремизм боюнча италиялык адис Лоренцо Видиного кайрылды.

Ирак менен Сириядагы өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун күчтөрү бытырап, чачырагандан кийин көп өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтары эми жихаддык топтун мүчөлөрү кайда барат жана эмне кылат деп байкоого алып турат.

Болжолу 30 миң чет өлкөлүк «ИМ» тобунун катарына кирген. Эң чоң коркунуч - экстремисттик топтун катарында жүргөн согушкерлер үйлөрүнө кайткандан кийин экстремисттик ишмердүүлүгүн улантпайбы деген маселе.

Алдынала азыр божомол чыгаруу да кыйын. Бирок кырдаалдын өзгөрүшү албетте эл аралык коопсуздукка түздөн-түз таасирин тийгизе турган маселе. Американын терроризмге каршы күрөшкөн коопсуздук күчтөрүнүн маалыматында, башка өлкөлөрдөн келген согушкерлер Сирия менен Ирактын аймагында эле калат.

Британдык чалгындоо кызматынын билдирүүсүндө, «ИМ» катарына кошулган 800 британ жаранынын артка кайтып баргандары күтүлгөндөн алда канча аз болгон. Кеминде 130 киши каза тапкан. Калган согушкерлер «ИМ» тобун таштап кетпегендей.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

«ИМ» күчтөрүнүн эң акыркы чептери болгон Мосул менен Ракка үчүн чечүүчү кармаштарда экстремисттик топтун катарында согушкан чет элдик согушкерлердин саны көп болгон. Алардын көбү камакка алынып, Ирактын соту тарабынан териштирүү жүрүп жатат. Камакка алынгандардын айрымдарын катаал жаза - өлүм жазасы күтүшү мүмкүн.

Деген менен айрым согушкерлер "халифатты" таштап, түрк-сирия чек арасы аркылуу чыгып кетүүдө. Түрк бийлиги болсо мурункуга караганда чек араны бекем кайтарууга алган. Ошондой болсо да аткезчилик жолдор аркылуу өтүп кетүү жер шартын билгендер үчүн кыйынчылык жартпайт.

«ИМ» тобунун колдоо көрсөткөн жашыруун түйүндөрү Түркияда көптөн бери эле бар. Ал аркылуу чет элдик согушкерлер Сирияга жөнөтүлүп турган.

Соңку үч жылдагы Түркия аймагындагы терактардын санын эске алганда, өлкөдө чет элдик согушкерлер саны өсүп жаткан кырдаалга бийлик тынчсызданып жатканы байкалат. Тынчсыздануу коңшулаш Иордания менен Ливияда да сезилет.

Сирия менен Ирактагы чет өлкөлүк согушкерлер кайда багыт алышы мүмкүн дегенге божомолдор жетиштүү. Айрымдары Йемендеги, Синай жарым аралындагы, Түндүк Кавказ жана Чыгыш Азиядагы «ИМ» тобунун «провинцияларына» кошулганын күбөлөгөн мисалдар айтылууда.

Экстремисттик топ Ливияда дагы пайда болду. Өткөн жылдагы АКШнын маалыматтары боюнча болжолу 6500 согушкер бар. Бир нече жүз киши Ооганстанда жүрөт. Америкалык аскер күчтөрү жер алдындагы өтмөктөргө сокку урган учурда кеминде 94 согушкер жок кылынганын кабарлаган эле.

«ИМ» географиясын кеңейтүүдө

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Филиппинде «ИМ» тобуна байланышы бар делген жихаддык топтор аракеттенүүдө.

Жихадчылар Конго, Мьянма жана Филиппин сыяктуу чыр-чатактар орун алган аймактарга да барып жатканы тууралуу маалыматтар айтылды. Бул чөлкөмдөрдө чет элдик согушкерлердин пайда болушу жергиликтүү жихаддык топтордун мүмкүнчүлүгүн арттырып, чыр-чатактын масштабын кеңейтиши мүмкүн.

Көпчүлүк чет өлкөлүк согушкерлер үйүнө кайтып кетүүнү туура көрөт. Кайтып баргандан кийин кээси ишмердүүлүгүнөн баш тартса, айрымдары жашыруун түйүндөрдү уюштуруп, теракт кылуу максатын көздөшү да мүмкүн. Бул эми ошол өлкөлөрдөгү кырдаалга байланыштуу.

Өзгөчө коркунуч Түндүк Африка өлкөлөрүн тооруйт. Тунисте болжолу 6 миң киши «ИМ» экстремисттик тобуна кошулуп кеткен. Ушундай эле кооптуулук Перс булуңундагы өлкөлөргө тиешелүү. Кооптонуу Орусияда, Кавказ аймагында, Борбор Азия өлкөлөрүндө да бар. Бул өлкөлөрдүн «ИМ» экстремисттик тобунун катарына кошулуп кеткен жарандарынын саны көзгө көрүнөрлүк. Анан калса, алардын айрымдары кармаштар учурунда өздөрүн көрсөтүшкөн.

Европага коркунуч

Согушттук аракеттерге тартылган болжолу 6 миңдей кишинин артка кайтышы Европанын жергиликтүү жашоочуларын кооптондурат. Италиянын эл аралык саясый иликтөө институтунун жана Жорж Вашингтон атындагы университеттин талдоосунун тыянагына таянсак, соңку жылдардагы батыш өлкөлөрүндөгү терактарды ишке ашырган кишилердин кеминде 20 пайызы жихаддык топтордун катарында согушкан. Бирок кырдаал согушкерлер артка кайтып келгенден кийин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Соңку маалыматтарга караганда артка алардын саны болжолу 1000 киши.

Балким булардын айрымдары мындан кийин кандайдыр бир зомбулукка баруудан баш тартып, тынч жашоого кайтышат. Ошол эле учурда өзүнүн согуш тааласында үйрөнгөн өнөрүн жаңы аймакта колдонгусу келгендер да чыгат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Айрымдары качкын катары Европага мыйзамсыз кирип кеткен. Буга 2015-жылдын ноябрындагы Париждеги теракты мисал тартса болот.

Европа өлкөлөрү артка кайткан согушкерлерди таап чыгуу үчүн чалгын маалыматтарын алмашып туурууну жакшыртууда. Түркия менен бул жаатта кызматташуунун жакшырышы менен «ИМ» катарында жүргөн согушкерлер алдынала эле кармалган учурлар болуп жатат.

Айрымдары качкын катары Европага мыйзамсыз кирип кеткен. Буга 2015-жылдын ноябрындагы Париждеги теракты мисал тартса болот. Бирок Европага келген согушкерлердин көпчүлүгү кадимки европалык паспортторду колдонуу менен мыйзамдуу жол аркылуу эле киришет. Аларды таап чыгуу татаал жана андан кийинки чечим кабыл алуу дагы кыйынчылык туудурат. Аларды камакка алуу оңой эле иштей, бирок иш жүзүндө мунун да мүшкүлү толтура. Мисалы, өткөн жылдагы Британиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында, Сирия менен Ирактан кайтып келген 400 согушкердин 54 гана мыйзамды бузган деп, жазага тартылган.

Артка кайткан согушкерлерди камакка алып, сурак жүргүзүп, иликтөөгө алууга, жазасын берүүгө эмне тоскоол болуп жатат?

Негизинен баарын мыйзамга такап жатышат. Айрым өлкөлөрдүн жарандары Сирия менен Иракка жөнөп кетип, экстремисттик топ менен согуштук аракеттерге катышып жаткан мезгилде, аларды жазага тартуу боюнча мыйзамдары жок эле. Кийин гана кээ бир өлкөлөр жаңы мыйзамдарды кабыл алды. Бирок арткы дата менен мыйзамды иштетүү мүмкүн эмес да. Ал тургай мындай мыйзамдары мурдатан эле бар болгон өлкөлөрдө деле кылмыш жообуна тартуу үчүн далилдерди топтоо ар дайым эле мүмкүн болбой жатат.

Чалгын кызматы кайсыл бир жаран «ИМ» тобунун катарында согушканы жана Сирияда согуштук кылмышка барганы тууралуу маалыматтарга ээ болгону өзүнчө иш. Ал эми аны сотто далилдөө да өзүнчө жумуш.

Жыйынтыгында бийликтер «ИМ» катарында айыгышкан кармаштардан өткөн жүздөгөн согушкерлерди байкоого алганга үлгүрүп, алардын кимиси коопсуздукка коркунуч жаратарын аныктоого күч үрөшү керек болот.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө арка кайтып келген согушкерлерди радикалдуу идеяларынан баш тартыруу үчүн атайын программаларды киргизип жатышат. Азырынча алар канчалык натыйжалуу болуп жатканын айтуу мүмкүн эмес.

Ачык көрүнүп турганы - "халифаттын" кулашы бир баракты жапкан менен жаңы «белгисиз» баракты ачууда. (AbA)