Ирактын күрттөрү Багдадка сунуш менен кайрылды

Ирактын аскерлери Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ирактын өкмөтү күрт расмийлеринен көз карандысыздык боюнча референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган

Ирактагы Күрдистан аймагынын расмийлери Багдад менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн өткөн айда болгон көз карандысыздык боюнча референдумдан кийинки кадамдарын токтототууну сунуштады. Референдумга катышкан шайлоочулардын көбү Ирактан бөлүнүп кетүүнү колдогон.

Багдад Күрдистандын көз арандысыздык боюнча референдумга жооп катары тогуз күн мурун ири аскердик операциясын баштаган. Ирактын өкмөт күчтөрү Киркук шаарын жана бир нече башка территорияны өз көзөмөлүнө алды.

Ирактын армиясы менен күрт күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулардан ондогондор каза таап, көптөр жаракат алды. Ирактын Күрдистан автоном аймагынын өкмөтү ок чыгарбоого чакырып, бардык аскердик аракеттерди токтотууга үндөдү.

Күрдистан аймагынын лидерлери көз карандысыздык боюнча референдумдан кийинки кадамдарын токтотууну сунуштап, Багдадды сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды.

Күрт куралчандар салгылашуулар улана берсе кан төгүүлөр дагы көп болот деп эскертти. Ирактын өкмөтү Күрдистан аймагынын билдирүүсүнө азырынча үн ката элек.

Тектеш темалар