Ирандагы зилзала: баш калкалоочу жайлар тартыш болууда

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Зилзаладагы тартылган тасмалар.

Баш калкалоочу жай жок болгондуктан миңдеген ирандыктар эки күндөн бери ачык асман алдында түнөп чыгышты.

Ирандын өкмөтү катуу жабыркаган Керманша аймагына жардам жеткирүүгө шашылууда. Аймакта жүздөгөн турак жайлар талкаланган.

Жекшемби күнү Иран-Ирак чек арасында кубаттуу жер титирөө катталып, 400дөн ашуун адам каза таап, 7 миңден ашуун тургун жаракат алды.

Иран шейшемби күндү Улуттук аза күтүү күн катары жарыялады. Президент Хасан Роухани бүгүн кырсыктан катуу жабыр тарткан аймакка барат деп айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption 7 миңден ашуун тургун жаракат алды.
Сүрөттүн автордук укугу EPA

Ирандын расмийлеринин айтымында, 413 адам каза тапкан. Ал эми Ирак тарапта 9 адам көз жумуп, ондогондор жаракат алган.

Ирандын мамлекеттик телеканалы миңдеген кишилер чатырларда түндү өткөргөнүн кабарлады. Айрым тургундар үйлөрү катуу жабыр тартпаганы менен, коркуп кайра кайтып барбай жатышат.

"Түндө өтө суук болду...биз жардамга муктажбыз. Бийлик өкүлдөрү жардамын тездетпесе болбойт", -деди турак жайы талкаланган Сарпол-э Захаб шаарынын тургуну. Зилзаланын очогу дал ушул шаарчада болгону маалымдалууда.

Гуманитардык жардам көрсөткөн уюмдар 70 миң адам баш калкалоочу жайга муктаж экенин маалымдады. БУУ болсо жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Дүйшөмбү күнү кечинде Ирандык өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү урандылардын алдында калган адамдарды куткаруу миссиясы соңуна чыгып калганын айткан. Ал эми Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунун башчысы, Генерал Мухаммед Али Жафари тургундарга чатып, суу жана азык-түлүк жетишпей жатканын билдирди.

"Жаңы курулган имараттар талкаланган жок. Бирок эски турак жайлар урандыга айланды", -деди ал.

Ирандын Кызыл Жарым Ай эл аралык уюму катуу жабыркаган аймактарда суу тартыш болуп, электр жарыгы үзүлгөнүн билдирди. Зилзалада жолдор талкаланып куткаруучулар алыскы аймактарга жете албай жатат. Ирандын армиясына таандык тик учактар куткаруу иштерине тартылган.

Кубаты 7,3 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт менен 21:18 жекшемби күнү катталган. Бул быйылкы жылы катталган дүйнөдөгү эң кубаттуу зилзала болуп калды. Жер титирөө Түркияда, Израилде жана Кувейтте байкалган.

Тектеш темалар