Сирия: Орусиянын аба соккусунан ондогондор көз жумду

A still image from video handout shows a Russian long-range bomber hitting targets in Syria on 25 November Сүрөттүн автордук укугу handout via reuters
Image caption Орусия Сириянын президенти Башар Асадды колдоп келет

Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча сириялык мониторинг борборунун айтымында, өлкөнүн чыгышындагы ал-Шафа кыштагын Орусиянын аба күчтөрү бутага алып, 53 жайкын тургун, анын ичинде 21 жаш бала каза тапты.

Кыштак Дайр-эз-Заур шаарына жакын жайгашкан. Калаа Сириядагы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ көзөмөлдөгөн акыркы аймактардын бири.

Орусия аймактагы согушкерлер жайгашкан имараттарды алты аскердик учагы бутага алганын билдирди. Москва Сириядагы жарандык согушта президент Башар Асадды колдоп келет.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сирия армиясынын аскердик операциясынан Гута аймагында 120 жайкын тургун каза тапты

Ал тапта Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн Женева шаарында Бириккен улуттар уюму уюштурган сүйлөшүүлөр эмдиги аптада кайрадан жанданмакчы. Буга чейинки сүйлөшүүлөр натыйжасыз жыйынтыкталган.

Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча сириялык мониторинг борбору жекшеби күнү Гута аймагынын чыгышындагы бир нече шаар артиллериялык аткылоого кабылганын билдирген. Бирок билдирүүнү тастыктоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сирия чатагындагы Орусиянын ролу

Мониторинг борбору Сириянын армиясы эки апта мурун Гута аймагындагы аскердик операциясын баштаганбан бери 120 жайкын тургун көз жумганын белгиледи. Бир нече жылдан бери курчоого кабылган Гута аймагынын 400 миң тургуну ачкачылыкка кабылганы да кабарланууда.

Бириккен улуттар уюмунун баяндамасына ылайык, азык-түлүк тартыш болгондуктан Гута аймагынын тургундары аргасыздан малга деп сакталган тоютту жеп жатат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар