Түндүк Корея эң бийик учкан ракетасын сынады

Түндүк Корея Ракета Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Түндүк Корея эң бийик учкан континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынады. АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис ракеталык сыноо дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч жаратат деп белгиледи.

Шаршемби күнү таңга маал атылган ракета деңизге түштү.

Түштүк Кореянын армиясынын айтымында, континент аралык ракета 4,500 чакырым бийиктикке жетип, 960 чакырым аралыкты учуп өттү.

Пхеньян акыркы жолу баллистикалык ракетасын сентябрь айында сыноодон өткөргөн. Андан тышкары, ошол эле айда алты жолу өзөктүк куралын сынаган. Түндүк Корея БУУнун санкциялары жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан сынга кабылганына карабастан өзөктүк курал долбоорун улантып келет.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулууда.

АКШда жайгашкан "Тынчсызданган окумуштуулар бирикмеси" баллистикалык ракетанын траекториясы өзгөртүлсө, ал 13 миң чакырым аралыкка же АКШнын территориясына жетмек деп маалымдады.

Бирок уюмдун айтымында, ракетага өтө жеңил дүрмөт орнотулган. Демек, Түндүк Кореянын алыска уча алган өзөктүк дүрмөтү бар ракетасы дале жок.

Түштүк кореялык "Рёнхап" агениттигинин маалыматы боюнча, ракета Түндүк Кореянын түштүк тарабындагы Пхёнандо аймагында атылган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Эркиндикке качкан жоокер

Жапониянын расмийлери ракета 50 мүнөт абада учуп, жээктен 250 чакырым алыста деңизге түшкөнүн билдиришти. Бирок ракета Жапониянын территориясынын үстүнөн учкан эмес.

Европа Биримдиги, Түштүк Корея менен Жапония Пхеньяндын кадамын кескин сынга алып, Сеул жооп катары ракеталык машыгууларды өткөрөөрүн маалымдады.

Тектеш темалар