Пакистан: Пешавар Айыл чарба институтунда ок атылды

Кол салууга Пакистандагы "Талибан" кыймылы жоопкерчиликти алды Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES
Image caption Кол салууга Пакистандагы "Талибан" кыймылы жоопкерчиликти алды

Пакистандын Пешавар шаарындагы Айыл чарба институтуна куралчандар кол салып, кеминде тогуз адам каза тапты, 36 тургун жаракат алды.

Кол салууга Пакистандагы "Талибан" кыймылы жоопкерчиликти алды.

Куралчандар окуу жайга аялдардын "бурка" кийимин кийип же чүмкөнүп алып кирип, ок жаадырышты.

Пакистандын армиясынын айтымында, куралчан экстремисттердин баары өлтүрүлдү.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Майрамга карата Айыл чарба институту жабык болчу

Бүгүн Пакистанда Мухаммед пайгамбардын туулган күнү белгиленүүдө. Ал себептен майрамга карата Айыл чарба институту жабык болчу.

Ок атуу башталганда сегиз адам имараттан качып чыгууга үлгүргөн. Жергиликтүү медиа кеминде бир жардыруу угулганын кабарлады.

Үч жыл мурун Пешавар шаарындагы мектепке кол салуу болуп, 130 жаш бала каза тапкан. Андан бери шаарда террористтик чабуулдардын саны кескин кыскарган. Пешавар калаасы Ооганстан менен чек арага жакын жайгашкан.