Жакынкы Чыгыш: Иерусалим Израилдин борбор калаасы катары таанылабы?

Израил Иерусалимдин чыгыш тарабын 1967-жылы басып алган Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Израил Иерусалимдин чыгыш тарабын 1967-жылы басып алган

Иорданиянын тышкы иштер министри АКШ Иерусалим шаарын Израилдин баш калаасы катары тааныса, анын "коркунучтуу кесепеттери" болот деп эскертти.

Айман Сафади АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен сүйлөшүүлөрдө Иерусалимдин макамы өзгөрзө, араб жана мусулман дүйнөсү ага каршы болоорун айтканын белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимдин макамы тууралуу шайлоо учурунда берген убадасын жакын арада аткарат деген божомолдор айтылууда.

Бирок Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек деп маалымдады.

Сафади мырза АКШнын мамлекеттик катчысы Тиллерсон менен байланышканын твиттер баракчасына жазып, бул кадам чөлкөмдөгү туруктуулук жана тынчтыкка коркунуч жаратат деп белгилеген. АКШнын Мамлекеттик департаменти Сафади мырзанын билдирүүсүнө расмий жооп кайтарган жок.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас эл аралык коомчулуктан колдоо алып, Трамптын Иерусалим тууралуу жарыялоосун токтотууну көздөйт. Президент Аббас жекшемби күнү Франциянын президенти жана Түркиянын лидери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн маалымдады.

Буга чейин Палестинанын лидерлери Иерусалимдин макамын өзгөртүү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук жаратат деп эскерткен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек деп маалымдады

Израил Иерусалимдин чыгыш тарабын 1967-жылы басып алган. 1980-жылы аймакты толугу менен аннексиялап, андан бери өз мамлекетинин бир бөлүгү катары жана шаарды өзүнүн баш калаасы катары сыпаттайт. Бирок палестиналыктар дагы Иерусалимди келечекте өз мамлекетинин борбор калаасы катары жарыялоону көздөйт.

1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Трамп Израилге колдоо көрсөтүп, АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрөм деп убада кылган

Өткөн жылы АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери учурунда, президент Трамп Израилге колдоо көрсөтүп, АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрөм деп убада кылган.

Тема боюнча башка макалалар