АКШнын Жогорку соту Трамптын миграция боюнча жарлыгын колдоду

протесты в Лос Анжелесе Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Трамптын жарлыгыны каршы демонстрация, Лос-Анжелес шаары.

АКШнын Жогорку соту президент Трамптын алты мусулман өлкөсүнүн жарандарынын өлкөгө келүүсүнө 90 күнгө чейин тыюу салган жарлыгын колдоду.

Бирок президенттин жарлыгындагы Чад, Иран, Ливия, Сомали, Сирия жана Йемендин жарандары боюнча чечим дале сотто каралууда.

Дүйшөмбү күнү Жогорку соттун жети мүчөсү төмөнкү сот инстранцияларынын чечимин жокко чыгарып, экөө колдогон. Сот президент Трамптын үчүнчү жарлыгын карады.

Ага ылайык, алты мусулман өлкөсүнүн - Иран, Йемен, Ливия, Сирия, Сомали жана Судан жарандарынын АКШда жакын туугандары же бизнес байланышы жок болсо, алардын өлкөгө келүүсүнө 90 күнгө чейин тыюу салынат.

Жаңы жарлыкта Түндүк Кореянын жана Венесуэланын айрым өкмөт өкүлдөрүнө дагы тыюу салынган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Төмөнкү сот инстанциялары Трамптын жарлыгы мусулмандарга каршы багытталган деген жүйөө менен, аны колдогон эмес. Гавайи федералдык соттун пикиринде, Трамптын жарлыгы диний дискриминациянын негизинде түзүлгөн.

Президенттин жарлыгын эми Сан-Франциско жана Ричмонддун федералдык соту карайт. Июнь айында Жогорку сот президенттин башка жарлыгын жарым-жартылай колдогон.

Тема боюнча башка макалалар