Ак үй: Трамп Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары тааныйт

Иерусалим Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШнын жогорку даражадагы расмийлеринин айтымында, президент Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары биринчи болуп тааныйт.

Бирок расмийлер Трамп мырза АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге дароо көчүрбөйт деп маалымдоодо.

Бул жаңылык Трамптын шаршемби күнү болчу кайрылуусунун алдында чыкты.

Араб лидерлери АКШнын кадамын сындап, аны "мусулмандардын кыжырын кайнаткан чагымчыл аракет" деп белгилешти.

Иерусалимди палестиналыктар жана израилдиктер ыйык деп санайт жана анын макамы талаш-талкуу жаратып келет.

Израил 1948-жылы түзүлгөндөн бери анын борбор калаасын Иерусалим деп бир да мамлекет тааныган эмес. Демек, АКШ биринчи өлкө болмокчу.

1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

АКШнын расмийлери эмне деп жарыялашты?

Трамптын администрациясынын расмийлеринин айтымында, президент Трамп Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары таануу "реалдуулукту кабыл алуу" деп сыпаттайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Израил Иерусалимдин чыгыш тарабында мыйзамсыз конуштарды куруп келет

Бирок шаардын так чек арасы келишимдин негизинде түзүлмөкчү. Иерусалимдеги ыйык жайлар макамын өзгөртпөйт.

Президент Трамп АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрүү процессин дагы башташы ыктымал. Бирок ага бир нече жыл талап кылынаары дагы айтылууда.

Өткөн жылы АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштери учурунда, президент Трамп Израилге колдоо көрсөтүп, АКШнын элчилигин Иерусалимге көчүрөм деп убада кылган.

Жарыялоонун алдында президент Трамп бир нече дүйнө лидерине телефон аркылуу байланышып, АКШнын элчилигин көчүрүү тууралуу планын билдирген.

Дүйнөлүк коомчулуктун реакциясы кандай болду?

Ак үй президент Трамп Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү лидерлер, анын ичинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен шейшемби күнү сүйлөшкөнүн тастыктады.

Сүрөттүн автордук укугу RRODRICKBEILER
Image caption Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан

Сауд Арабиясынын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз аль Сауди Иерусалимди Изарилдин баш калаасы катары таануу "дүйнөдөгү мусулмандарга каршы чагымчыл аракет" катары сыппатталат деп президент Трампка айтты.

Башка лидерлердин реакциясы:

  • Палестинанын лидери Махмуд Аббас бул чечимдин "коркунучтуу кесепеттери болот жана аймактагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизип, дүйнөлүк коопсуздук жана туруктуулукка коркунуч жаратат" деп эскертти.
  • Иоарданияын падышасы Абдулла президент Трамптын чечими тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук жаратып, дүйнөдөгү мусулмандарга каршы жасалган чагымчыл аракет катары сыпатталат деп билдирди. Иерусалимдеги Ислам динине таандык ыйык жайлар Иоарданиянын көзөмөлүндө.
  • Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси президент Трампты "чөлкөмдөгү татаал абалды курчутпоого" чакырды.
  • Франциянын президенти Эмманюэль Макрон АКШнын президенти Иерусалимдин макамын өзгөртө албайт, аны Палестина менен Израил сүйлөшүүлөр аркылуу чечиши керек деген пикирин айтты.
  • Европа Биримдиги болсо АКШнын кадамынын олуттуу кесепеттери болот деп эскертти.
  • Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааныса, Израил менен дипломатиялык байланыштарын үзөбүз деп белгиледи.

Ал эми Газа тилкесин башкарып келген "Хамас" тобу, Иерусалимдин макамын өзгөртүү "кызыл чектен өткөндүк" деп маалымдады.

Израилдин чалгындоо иштери боюнча министри Исраэль Кац армиянын радио берүүсүндө мамлекет "баарына, анын ичинде жаңжалга даярданып жатканын" айткан.

Эмнеге Иерусалимдин макамы талаш жаратып келет?

Бул көйгөй Палестина менен Израилдин ортосундагы конфликттин негизги себептеринин бири.

Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан.

1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы шаарды Израилдин "түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору" деп жарыяган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Трамп Израилге колдоо көрсөтүп, АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрөм деп убада кылган

1993-жылы Израил-Палестина тынчтык келишимине ылайык палестиналыктар Иерусалимдин чыгышын өз мамлекетинин борбор калаасы катары жарыялоону көздөгөн. Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары эч бир мамлекет тааныган эмес. Израилдин эң жакын деп сыпаттаган өнөктөшү АКШ дагы элчилигин Тель-Авив шаарында жайгаштырган.

1967-жылдан бери Израил шаардын чыгышында ондогон конуштарды курган. Ал жерде 200 миңге чукул жөөт тургундары жашап келет. Эл аралык уюмдар айтылган конуштарды мыйзамсыз деп атаган.

Бул маселе эмнеге азыр көтөрүлүүдө?

Президент Трамп Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары таанып, үгүт иштери учурундагы убадасын аткарууну көздөйт. Эмнеге жетекчи бул кадамга азыр барып жатканы тууралуу так маалымат жок.

Трамптын администрациясынын расмийлери президент "реалдуулукту кабыл алып" жатканын айтып, де-факто Иерусалим Израилдин борбор шаары катары иштеп келгенин белгилешет. Бирок шаардын чек арасы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет деп айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Израил Иерусалимдин чыгыш тарабын 1967-жылы басып алган

Ал эми мусулман дүйнөсү Иерусалимди бир гана талаштуу борбор шаар эмес, аны ыйык жер катары эсептешет. Иерусалимдеги Ислам динине таандык ыйык жайлар Иордания жана Сауд Арабиясынын көзөмөлүндө. Ал себептен эки мамлекеттин лидерлери АКШнын кадамын сындап, катуу эскертүү беришти.

Палестиналыктарга эмне берилет деген суроо дагы туулат. Сынчылар болсо президент Трамп Израилди колдогон добуш берүүчүлөрүн канааттандыруу үчүн бул кадамга барып жатканын, эч кандай стратения жок деп белгилешүүдө.