Борбор шаарлар: аларды кантип жана эмнеге тандашат?

Бул аптада бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлү Иерусалимге бурулду окшойт. Араб дүйнөсүнүн жана башка өлкөлөрдүн каршылыгына карабастан АКШ президенти Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныды.

Айрым борбор шаарлар, айталы Мьянмадагы Нейпьидо өлкөнүн башка аймактарынан кесилип калган деп айтса болот. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Айрым борбор шаарлар, айталы Мьянмадагы Нейпьидо өлкөнүн башка аймактарынан кесилип калган деп айтса болот.

Иерусалимде иудейлер, христиан жана мусулмандардын ыйык санаган жайлары бар. Бул уникалдуу шаардын макамы араб-израиль чатагындагы негизги суроолорунун бири.

Израиль көптөн бери эле Иерусалимдин өзүнүн борбору санап жүрөт. Бул жерде өкмөттүк имарат, премьер-министр менен президенттин резиденциясы жайгашкан. Бирок шаарды азырга чейин бир дагы өлкө Израилдин борбору катары тааныган эмес.

Дүйнөдө өлкөлөр борбор шаарын кантип тандап алышат жана бул тандоо эмнени билдирет?

1. Биримдиктин символу жана көзөмөлдөө инструменти

"Сapital" (борбор) деген англис сөзү латынча capitalis деген сөздөн келип чыккан. Мааниси "башка таандык" дегенди туюндурат. Шаар бийликке байланышта каралып, мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат.

Монархиялык өлкөлөрдө королдук үй-бүлө борбор шаарда жашайт. Борборду коргош керек деген бекем түшүнүк бар. Ошол эле учурда биримдиктин символун туюндуруп турат. Ошондуктан көптөгөн борбор шаарлар географиялык жактан өлкө аймагынын ортосунда жайгаштырылат. Бир жагынан өлкөнүн булуң-бурчунан келип турууга ыңгайлуу болуп, өзүнүн символикалык функцияларын аткарып турат.

Маселен, Мадридди алалы, ал Иберий жарым аралынын чок ортосунда жайгашкан. 1991-жылдан Нигериянын расмий борбору болуп калган Абуджаны өлкөнүн борбордук бөлүгүнө дээрлик «нөлдөн баштап» курушкан. Анткени диний чыр-чатактан улам ажырым болуп жаткан элди бириктирүүнүн символу эле.

Ушундай эле принцип менен Бразилия борбор шаарын 1961-жылы калк жыш отурукташкан порт шаары Рио-де-Жанейродон өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Бразилиага көчүргөн.

2. Саясый компромисс

Учурда Вашингтон саясый каршылыктардын кучагында. Бирок 1790-жылы шаарды АКШнын борбору кылуу боюнча чечим саясый компромисстин мөмөсү болгон.

Александр Гамильтондун жетекчилиги астында Түндүк штаттар федералдык өкмөт карыздарынын белгилүү бир бөлүгүн өз моюнуна алышын каалашкан. Бул үчүн алар Томас Жефферсон жана Жеймс Мэдисон менен келишип, борбор шаардын түштүктө жайгашуусуна макулдук беришкен.

Кийин шаар курулган жерди Жорж Вашингтон өзү тандаган экен. Калган кеп эми өзүнчө тарых.

Канберраны компромисстик жол катары - континенттеги чоң шаарлар Сидней менен түштүк атаандашы Мельбурндун ортосунан тандап алышкан деп айтышат. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Канберраны компромисстик жол катары - континенттеги чоң шаарлар Сидней менен түштүк атаандашы Мельбурндун ортосунан тандап алышкан деп айтышат.

Австралияга келген туристтердин көпчүлүгү борбор шаар Сидней эмес экенине таң калышат. Алар баш калаа Канберраны компромисстик жол катары - континенттеги чоң шаарлар Сидней менен түштүк атаандашы Мельбурндун ортосунан тандап алышкан деп айтышат.

Чынында кээ бир тарыхчылар Канберранын тандалышын жайында Мельбурн менен Сиднейде өтө ысык болгон үчүн деп эсептейт.

3. Татаал тарыхый кырдаал

Берлин эмес Бонн туристтер үчүн өзгөчө кызыгуу жараткан шаар болуп калмак. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Берлин эмес Бонн туристтер үчүн өзгөчө кызыгуу жараткан шаар болуп калмак.

Берлин же Бонн? Бул суроо тагыраагы 1989-жылы Берлин дубалы кулагандан кийин көтөрүлдү окшойт. Кайрадан бириккен Германия баш калаасын тандашы керек эле.

Кансыз согуш жылдарында Германия экиге бөлүнүп калганда Бонн батыш бөлүгүнүн борбору саналып, Берлин чыгыш бөлүгүнүн - ГДР баш калаасы болгон.

Баш калаа Берлин болсун деген чечимди Бундестаг 1991-жылы 20-июнда кабыл алган. Ортодогу айырма 17 гана добуш: Берлин үчүн 387 депутат, ал эми Бонн үчүн 320 депутат добуш берген.

Немистер эки борбордун ичинен бирөөнү тандап алышкан. Ал эми Түштүк Африка Республикасынын иш жүзүндө борбору үч шаар деп айтса болот.

Бийлик бутактары дагы ар кайсыл шаарга чачыратылган. Кейптаунда мыйзам чыгаруучулар, Претория административдик органдар, башкы судялар (Конституциялык сот гана Йоханнесбургда) Блумфонтейнде .

Бул мурас колониялык учурдан калган - 1910-жылы Түштүк-Африкалык бирикме түзүлгөн. Төрт британдык колония бириккен, бирок борбор шаар боюнча тил табыша албай коюшкан.

4. Бардар бийликтин эңсөөсү

1997-жылы Астана Казакстандын борбор шаары болуп калды. Бул эми 1991-жылдан бери бийликте турган президент Нурсултан Назарбаевдин амбициясынын символу болуп калды окшойт.

Астана Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Астана.

Бул шаар мурун Акмола деп аталып, шамал ойноп турган талаада жайгашкан. Аталышын Астанага өзгөртүштү. Анткени Акмола сөзүнүн мааниси бейитти туюндурган. (AbA)

Тектеш темалар