Путин Сириядагы аскер күчтөрүн чыгаруу боюнча буйрук берди

20-ноябрда Сочиде Путин менен Башара Асаддын сүйлөшүүлөрү өтүп, анын жыйынтыгында жакында операцияларды жыйынтыктоо убадаланган эле. Сүрөттүн автордук укугу MIKHAIL KLIMENTYEV/TASS
Image caption 20-ноябрда Сочиде Путин менен Башара Асаддын сүйлөшүүлөрү өтүп, анын жыйынтыгында жакында операцияларды жыйынтыктоо убадаланган эле.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы орусиялык аскер күчтөрүн чыгарып кетүү процессин баштоо боюнча буйрук берди. Бул тууралуу Путин орусиялык Хмеймим авиабазасына барган учурда жарыялаган.

Орусия президенти Сирияда куралдуу жаңжалдашуу башталгандан бери биринчи жолу бул өлкөгө учуп келди. Орус президентинин учагы Хмеймимдеги орусиялык авиабазага келип конгон.

Алдынала маалымдалбай туруп жасалган Путиндин сапары Орусия жыл соңуна чейин Сириядагы аскердик операцияларын жыйынтыктайбы деген божомолдор айтылып жаткан учурга туш келди.

Авиабазада Путинди Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад, Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу жана орусиялык аскер күчтөрүнүн командачысы Сергей Суровикин тосуп алган.

20-ноябрда Сочиде Путин менен Башара Асаддын сүйлөшүүлөрү өтүп, анын жыйынтыгында жакында операцияларды жыйынтыктоо убадаланган эле. Эртеси 21-ноябрда Путин Сочиде Ирандын жана Түркиянын лидердлери менен жолугуп, Сириянын мындан кийинки абалына байланышкан суроолорду талкуулаган.

Путин сириялык өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүнө «өлкө аймагынын 98 пайызы» өткөнүн билдирген эле.

6-декабарда Коргоо министри Сергей Шойгу Сирия аймагында өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун «толук талкаланганы тууралуу» Путинге билдирүү жасаган. Ушул эле күнү орусиялык президент 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышарын айтты.

Орусия Сириядагы аскер операциясын 2015-жылдын сентябрь айында баштаган эле. Эксперттер Путин Сириядагы орусиялык аскер операцияларын президенттик жарышка чейин жыйынтыктоого аракет кылып жатканы тууралуу божомолдорун атйышкан эле.

"Левада-борборунун" август айындагы сурамжылоосуна катышкан респонденттердин 49 пайызы Орусиянын Сириядагы операцияларын аягына чыгаруусун колдошкон.

Путин президенттик шайлоонун алдында тынчтыктык орнотуучу катары имиджди тандап алганын да жокко чыгарууга болбойт деди Би-би-си берген маегинде саясат таануучу Аббас Галлямов. (АbA)

Тектеш темалар