35 жылдан бери биринчи жолу Сауд Арабиясында кинотеатрлар ачылууда

Сауд Арабияда киийнки жылдан тарта аялдарга унаа айдаганга жана спорттук иш-чараларга барганга уруксат берилет Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сауд Арабияда киийнки жылдан тарта аялдарга унаа айдаганга жана спорттук иш-чараларга барганга уруксат берилет

Сауд Арабия бийлиги кинотеатрлардын ишмердүүлүгүнө салынган 35 жылдык тыюну алып саларын жарыялады. Кинотеатрлар ислам фундаменталистеринин кысымы астында өткөн кылымдын 80-жылдары жабылып калган эле.

Жыл башында эле муфтий Шейх Абдул аль-Шейх кинотеатрлар кайра ачылса, өлкөдөгү адеп-ахлакка зыянын тийгизет деп айткан эле.

Бирок дүйшөмбүдө тактынын мураскери болгон ханзада Мухаммед бин Салман 2030-жылга карата социалдык жана экономикалык реформалар боюнча концепцияны алып чыкты. Ага ылайык бийлик тарабынан салынып, жашоо-турмушта кадыресе байкалган кысымдардын көбү алсырай түшөт.

Маселен, киийнки жылдан аялдарга унаа айдаганга жана спорттук иш-чараларга барганга уруксат берилет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ноябрь айында Сауд Арабияда Comic Con Arabia фестивалы өттү

Падышалык үй-бүлө жана диний институттар ваххабизм деп таанылган диндин агымын колдойт. Ошондуктан өлкөдө жүрүм-турумдан баштап, кийинүүгө чейин бекем көзөмөлгө алынган. Өзгөчө катаал чектөөлөргө аялдар туштугушат.

Азыркы реформалар негизинен экономикалык себептерге байланышкан. Мунай арзан баада болуп жаткандыктан өлкө каржылоонун жаңы булактарын издеп жатат.

Маданият жана маалымат министри Аввад бин Салех кинотеатрлардын ачылышы эконмикалык өсүүнүн катализатору болот деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Көп жылдардан бери падышалыкта биринчи жолу белгилүү арабиялык жана дүйнөлүк поп-жылдыздардын концерти өттү

Кинотеатрларга лицензия берүү башталды

2030-жылга карата Сауд Арабиясы 300дөн ашуун кинотеатр ачууну пландап жатат. Бул 2 миң кинозал деген сөз. Өкмөттүн билдирүүсүндө, кинотеатрлардан 24 миллион доллар акча түшөт деп күтүлүүдө. Андан сырткары 30 миң жумушчу орун түзүлөт.

Көп жылдардан бери падышалыкта биринчи жолу белгилүү арабиялык жана дүйнөлүк поп-жылдыздардын концерти өттү. (AbA)

Тектеш темалар