Эрдоган: Иерусалимди Палестинанын баш калаасы катары тааныйлы

Эрдоган Сүрөттүн автордук укугу TR

Стамбул шаарында чогулган мусулман лидерлери АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааныганына нааразылыгын билдиришти.

Мусулман лидерлерин чукул жыйынга чакырган Түркиянын президенти Эрдоган, Трамптын кадамын мыйзамсыз деп атады. Түрк лидеринин айтымында, бул чечим оккупацияланган Палестинада террордук уюмдардын күч алышына түрткү болот.

Ислам кызматташтык уюмунун атайын жыйынына чогулган мусулман лидерлери Трампка катаал жооп кайтарат деп айтылууда.

Түрк президенти Израилди "террордук мамлекет" деп атап, Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааныганы, террордук топторду колдоого жатат деп кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

Режеп Тайып Эрдоган бул кадамдын күчү жана мааниси жок деп белгилеп, АКШнын кемсинткен кадамдарына каршы турабыз деп убада кылды.

Түрк лидери Эл аралык коомчулукту Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таанууга жана Иерусалимди оккупацияланган Палестинанын баш калаасы катары таанууга чакырды.

"Мен эл аралык мыйзамдарды жана адилеттүүлүктү сыйлаган мамлекеттерди Иерусалим шаарын оккупацияланган Палестинанын борбор шаарын катары таанууга чакырам", -деди Эрдоган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Президент Трамп Израилге колдоо көрсөтүп, АКШнын элчилигин Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчүрөм деп убада кылган

Палестинанын президенти Махмуд Аббас болсо Иерусалим Палестинанын түбөлүктүү борбор калаасы деп айтып, мындан ары тынчтык сүйлөшүүлөрүндө АКШ ортомчул катары чыга албайт деп белгиледи.

Бирок Ислам кызматташтык уюмунун чукул жыйынынан кийин кандайдыр бир натыйжа болобу деген суроо чыгууда. Айрым талдоочулар уюмдун мүчөлөрүнүн көбү Трампты колдоп жатканын айтып, чукул жыйынга министрлерин гана жөнөткөнүн белгилешүүдө.

Ал тапта Израилдин аскерлери оккупацияланган Батыш Жээкте отуздан ашуун адамды камакка алды. Алардын арасында "Хамас" уюмунун жогорку даражадагы өкүлү дагы бар.

Уюмдун айтымында, Хасан Юсуф Рамалла шаарында кармалган. Бир апта мурун "Хамас" жаңы көтөрүлүш же "интифада" жарыялаган.

Иерусалимдин макамы эмнеге талаш жаратып келет?

Бул көйгөй Палестина менен Израилдин ортосундагы конфликттин негизги себептеринин бири.

Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан.

1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы шаарды Израилдин "түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору" деп жарыяган.

1993-жылы Израил-Палестина тынчтык келишимине ылайык палестиналыктар Иерусалимдин чыгышын өз мамлекетинин борбор калаасы катары жарыялоону көздөгөн. Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары эч бир мамлекет тааныган эмес. Израилдин эң жакын деп сыпаттаган өнөктөшү АКШ дагы элчилигин Тель-Авив шаарында жайгаштырган.

1967-жылдан бери Израил шаардын чыгышында ондогон конуштарды курган. Ал жерде 200 миңге чукул жөөт тургундары жашап келет. Эл аралык уюмдар айтылган конуштарды мыйзамсыз деп атаган.

Тектеш темалар