Казакстанда шахтёрлордун нааразылык акциясы жыйынтыкталды

Казакстан Сүрөттүн автордук укугу AFP

14-декабрда кечинде жүздөгөн казак шахтёрлору нааразылык акциясын токтотту. Алар маянасын көтөрүүнү талап кылган.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, кенди иштеткен компания шахтёрлордун маянасын көтөрөбүз деп убада кылган жана сот демонстрацияны токтотууга буйруган. Бул Казакстандагы 2011-жылкы демонстрациядан кийинки эң ири нааразылык акциясы катары бааланууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттардын айтымында, ArcelorMittal Temirtau компаниясы шахтада иштегендердин эмгек маянасын 30 пайызга көтөрүп, бонус катары 13-маяна төлөп жана 15-декабрды эс алуу күнү катары жарыялоону сунуштаган.

Ошондой эле, Шахтинск шаарчасынын прокурору нааразылык акцияга катышкандар жоопко тартылбайт деген кепилдик берген. Шахтёрлор компания менен сүйлөшүүлөрүн атайын комиссия аркылуу уланта бермекчи.

11-декабрда Караганда аймагында 700 шахтёр эмгек маянанын аздыгына нааразы болуп, акциясын баштаган. 14-декбарда төрт башка кенде, 400гө жакын шахтёр акциясын улантып, шахтадан чыкпай койгон.

Казакстанда 2011-жылдан бери биринчи жолу ишкерлер ири акция өткөрүүдө.

Алты жыл мурун Жаңы-Өзөндө мунайзат жумушчуларынын жети айга созулган нааразалык акциясы полиция менен кагылышууга алып барган.

Коопсуздук күчтөрү куралсыз кишилерге ок чыгарып, кеминде 14 киши көз жумган жана жүзгө жакыны жаракат алган. Бул окуядан кийин казак бийлиги демонстанттарга, көз карандысыз медиага жана өкмөттү сындаган оппозициялык партияларга куугунтук баштаган деген пикир дагы бар.

ArcelorMittal дүйнөдөгү эң ири темир жана кен казуу копманияларынын бири. Сенбярь айында компания кесиптик кошуундар уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жарыялап, жылдын аягына чейин жаңы келишимге кол коюлат деп маалымдаган.

Тектеш темалар