Блог: Көчмөндөр оюндарына балдар катышабы?

Image caption Апта соңунда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берилди.

Кыргызстандын Өкмөт башчысы Сапар Исаков Үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алганын, ал эмдиги жылы сентябрь өтө турганын жарыялады.

Туура, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну биздин мамлекетке пайдалуу жана маданий интеграцияга салым кошо турган чоң долбоор.

Биринчи оюндардан кийин бул долбоорго катышууга кызыктар мамлекеттер жана уюмдар арбыды, биздин өлкөгө ишеним артты. Тиешелүү инфраструктура калыптанууда. Логистика, мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү, маалымдоо, оюндар өтүүчү жайлар, катышуучуларды кабыл алуу маселелерин чечүү оюндан оюнга жаңы деңгээлге чыгууда. Бизнес чөйрөсү да бул процесске батыл аралашып, издене баштады. Туризм тармагында этнотуризм сегменти пайда болду.

Апта соңунда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берилди.

Эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабын кеңейтүү жана мазмунун байытууда турат. Эгер чынында дүйнөлүк масштабда абройлуу оюндарга айланткыбыз келсе дагы эки нерсени көңүлгө алганыбыз оңбу дейбиз.

Биринчиси - бул балдардын катышы. Ооба. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн балдар оюндары уюштурулганы бул долбоордун масштабын дагы кеңейтет, мазмунун байытат. Оюндардын программасына балдарга арналган, аларга ылайыкталган мелдештердин, форумдардын, иш-чаралардын болушу фантазия эмес, зарылчылык. Биринчиден,балдардын жана өспүрүмдөрдүн катышы көчмөндөр оюндарынын муун аралык байланышын бекемдейт. Экинчиден, баардык цивилизацияга мүнөздүү боло келген эреже - бул коомдогу баалуулуктарды кичинекейинен тартып сиңирүү, балдарды жакшы окуяларга аралаштыруу, көндүрүү. Демек оюндардын тарбиялык маанисин арттырат, оюндарды актуалдаштырат жана популярдуулугун күчөтөт.

Апта соңунда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берилди.

Россияда бир канча жылдан бери Балдардын Азиялык оюндары өтүп келүүдө. Башка мамлекеттерде мындай мисладар жетиштүү. Андан тышкары, Кыргызстан балдарга байланышкан эл аралык келишимдерди жана Конвенцияны тааныган соң, бул биздин ошол документтердин жоболорун сыйлаган жана аткарууга ниети бекем, колунан келген жоопкерчиликтүү мамлекет экендигибизди да бир ирет далилдейт.

Баардык оюндарга келээрки жылы балдарды катыштыра албасак дагы, айрым программаларды аларга ылайыктап уюштура алсак, бара-бара калыптанып калат эле.

Каражаты кандай болот, көтөрө алабызбы? Жалгыз биздин мамлекетке азырынча кыйын болот, албетте. Бирок балдарга байланыштуу эл аралык кубаттуу уюмдар арбын. Алар балким бизге уюштуруу жана каржылоо маселелеринде өнөктөш болоору куру кыял эмес. Алар да өз аброюна кам көрөт, балдарга пайдасы тие турган, аларга арналган долбоорлорду колдоого чама-чаркы жетсе керек. Кеп бул долбоорду демилгелеп, аларды ынандырууда жатат.

Ушуга удаа эле кийинки көчмөндөр оюндарына майыптарды тартуу маселесин чечүүгө болот. Аракет кылса, ал деле ишке аша турган реалдуулук жана зарылчылык. Мүмкүнчүлүгу чектелүү инсандар катыша алгыдай элементтер көчмөндөр оюндарында аз эмес. Айрым эрежелерди шартка жараша ылайыкташтырса болот. Паралимпиада 1988-жылы башталып, азыр Олимпиада кыймылынын ажырагыс бөлүгү. Бул маселе да көчмөндөрдүн балдар оюндары сыяктуу эле актуалдуу, реалдуу жана зарыл долбоор экени талашсыз. Эгер биз өзүбүз оюндардын ээси катары өзүбүз азыр демилгелеп, өзүбүз баштабасак, эртеби, кечпи баары бир тыштан козголот. Маселе баштоодо турат.

Сыргак Эсенбеков, Бишкек шаары

Тектеш темалар