Аун Сан Су Чжиге рохинджаларды геноцид кылган деген айыптоо тагылышы мүмкүнбү?

Мамлекеттик кеңешчи жана иш жүзүндө өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжи Сүрөттүн автордук укугу EPA

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зайд Раад Зайд аль-Хусейн Мьянмадагы рохинджа элине карата үрөй учурган кылмыштарды жасагандар сөзсүз жоопко тартылышы керек деди.

БУУнун бул жогорку даражалуу өкүлү дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын сакталышына байкоо салат. Ошондуктан анын пикири салмактуу.

Мунун кесепети барып Мьянманын жогорку бийлигине чейин жетиши мүмкүн. Мамлекеттик кеңешчи жана иш жүзүндө өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжинин дагы жоопкерчилиги караларын Аль-Хусейн жокко чыгарбайт.

Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн генералы Мин Аун Хлайн келечегинде геноцид боюнча айыпталып, сот алдында турушу мүмкүн.

Декабрдын орто ченинде БУУнун кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында сөз сүйлөгөн учурда аль-Хусейн Мьянмадагы окуяларда геноциддин изи бар экенин айткан.

Чынында "геноцид" деген айыптоолор сейрек учурларда гана айтыларын белгилеп коюш керек. Буга чейин анча көп эмес сандагы кишилер геноцид кылган деп айыпталган.

Геноциддин юридикалык аныктамасы Холокост окуясынан кийин пайда болгон. Эми гана түптөлгөн БУУнун мүчөлөрү конвенцияга кол коюп, ага ылайык геноцид - этникалык топту жок кылуу максатындагы аракет катары таанылган.

Геноцид деп табуу сот тарабынан гана аныкталат. Бирок аль-Хусейн Ракхайн штатындагы мусулмандарга карата катаал кылмыштарды эл аралык иликтөө алууга чакырды. Жогорку комиссар геноцидди далилдөө татаал, оор болорун түшүнүп турат.

«Бул жерде далилдөөгө бөгөт болчу босоголор чоң,-дейт БУУнун Жогорку комиссары.-Бирок келечегинде сот биз тапкандарды негиз кылып алып, тыянак чыгарса мен ага таң калбайм».

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Декабрдын башында Мьянманы дээрлик 650 миңге чукул рохинджалар таштап чыгып кетти.

Декабрдын башында Мьянманы дээрлик 650 миңге чукул рохинджалар таштап чыгып кетти. Жүздөгөн кыштактар өрттөлүп, миңдеген кишилер өлтүрүлгөн. Жырткычтык менен жасалган үрөй учурган кылмыштарды- массалык адам өлтүрүү жана зордуктоону күбөлөндүргөн кишилер бар. Бул тууралуу мен жаңжал эми эле дүрт алган учурда качкындар лагерининен уктум.

Адам укугу боюнча Жогорку комиссары жеке өзү Аун Сан Су Чжини рохинджаларды коргоо үчүн чара көрүүгө чакыргандан жарым жылдан кийин, авгус айында зомбулуктардын орун алганы аны терең тынчсыздандырды көрүнөт.

БУУнун Жогорку комиссарынын айтымында, 2016-жылдын октябрында жырткычтык кылмыш болду деген маалымат түшкөндөн кийин, февраль айында Мьянманын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Мен аны аскердик операцияларды токтотууга чакыргамын,-деп айтып берди.-Аны токтотуу үчүн колдон келгенин кылгын деп суранган элем. Бирок тилекке каршы, мындай кылууга мүмкүн болгон эмес».

Мьянманын жарандык лидеринин армияга таасири өтө эле аз жана чектелүү. Бирок Зайд Раад Зайд аль-Хусейн аскердик өнөктүктү токтотуу үчүн Аун Сан Су Чжи чоң нереслерди кыла алмак дейт.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Генерал Мин Аун Хлайн Мьянманын куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы.

Аль-Хусейн коомчулуктун алдында "рохинджа" деген сөздү айтпайт деп Аун Сан Су Чжини сынга алды.

Анын пикиринде, Мьянманын аскерлери 2016-жылы аларды токтотуу үчүн дүйнө коомчулугу эч кандай чара көрбөгөндөн кийин кайра күчөп аракеттене баштады.

Мьянманын өкмөтү аскердик операциялар август айындагы террордук кол салуудан кийин башталган деп айтууда. Алардын айтымында, бул кол салуудан 12 аскер кызматкери мерт кеткен. Бирок Би-би-синин "Панорама" программасы рохинджаларга карата аскердик операция терактка чейин эле даярдалганы тууралуу далилдерди таап чыкты.

Жайында Ракхайн штатынын түндүгүндө тамак-аш тартыштыгы болду. "Панораммага" белгилүү болгондой августтун орто ченинде бийлик түндүк Ракхайн аймагына гуманитардык жардам жана азык-түлүк жеткирүүнү дээрлик токтотуп койду. Тескерисинче, аскерлерге кошумча күч келди.

10-августта, терактка чейин эки апта убакыт калганда Ракхайнга кошумча дагы күчтөр жеткирилгени тууралуу кабарлар чыккан. Мьянмадагы БУУнун адам укугу боюнча өкүлчүлүгү расмий билдирүү менен чыгып, өлкө бийлигин карманып турууга чакырган эле.

Бирок рохинджа согушкерлери 30 полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин, армиянын аракети масштабдуу жана кыйраткыч мүнөздө болду. Би-би-си Аун Сан Су Чжи менен генерал Мин Аун Хлайнга бул маалымат боюнча пикирин билдирүүнү сурады, бирок жооп болгон жок.

БУУнун Жогорку комиссары кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн деп кооптонот. Ал Бангладештеги качкындар лагерлеринде жихаддык топтор пайда болуп, Мьянмада терактарды уюштурушу мүмкүн деп кооптонууда. Жыйынтыгында конфессиялар ортосундагы жиктешүү, жаңжал келип чыгышы мүмкүн. Жогорку комиссар мындай үрөй учурарлык коркунучка Мьянма бийлиги жетиштүү маани бербей жатат деп эсептейт.