АКШ сенаты соңку 30 жылдагы эң ири салык реформасын жактырды

Добуш берүүнүн жыйынтыгын АКШнын вице-президенти Майк Пенс жарыялады. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Добуш берүүнүн жыйынтыгын АКШнын вице-президенти Майк Пенс жарыялады.

Американын сенаты салык боюнча соңку 30 жылдагы эң ири реформаны жактырды. Буга чейин өкүлдөр палатасы мыйзам долбооруна макулдук берген эле.

"Добуш берүүнүн жүрүшүндө 51 сенатор «макул» деп добуш берсе, 48 добуш «каршы» берилди. Салыктарды кыскартуу боюнча мыйзам кабыл алынды»,-деди АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

Добуш берүү жыйынтыктары жарыяланар алдында сенаттын имаратында каршылык акциясы өтүп, анын катышуучуларын имараттан сыртка чыгарышты.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер мындай «жийркеничтүү мыйзам» үчүн кийинки жылы өтө турган шайлоодо республикачылар жооп берет деп эскертти.

"Мыйзамдын маңызы жана ага байланыштуу сурамжылоолор ушунчалык начар болгондуктан, кийинки жылы республикачылардын өздөрү дагы бул мыйзамдан качышат. Бул үчүн добуш бергенине уялышат»,-деди Шумер.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пол Райан мыйзам долбоору америкалыктардын акчасын кайтарууга жардам берет деп айтты.

Буга чейин республикачылардын 12 мүчөсү жана өкүлдөр палатасындагы демократтар мыйзам долбооруна каршы чыгып жатышкан. Бирок жыйынтыгында мыйзамды 227 добуш менен колдошуп, каршылар 203 болду.

"Бүгүн биз бул өлкөдөгү кишилердин акчасын кайтарып берип жатабыз. Акыр түбү бул алардын акчасы эле да!»,-деди өкүлдөр палатасындагы республикачы Пол Райан.

Шаршемби күнү документти бекитип берүү үчүн кайра өкүлдөр палатасына кайтарышат. Эгерде мыйзам долбоору күчүнө кирсе, ал президент Дональд Трамптын мыйзам чыгаруу жаатындагы эң ири жеңиши болуп калмакчы.

Документте корпоративдик салыкты мөөнөтсүз 35 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөтүү, келечегинде америкалык компаниялардын чет элдик кирешелерин толугу менен салыктан бошотуу жагы каралган. Ар кандай кирешеге ээ америкалыктардын көпчүлүгүн 2026-жылга чейин жеңилдетилген салыктар күтүп турат.

Мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткандар, муну менен көпчүлүк салык төлөөчүлөр үчүн каралган Obamacare программасындагы милдеттүү камсыздандыруу жокко чыгат деп белгилеп жатышат.

АКШ Конгрессинин бюджет боюнча башкармалыгынын эсептөөсү боюнча, бул чара камсыздандыруу акылардын көбөйүшүнө алып келип, 2027-жылга карата 13 миллион кишини камсыздандыруусу жок калтырат. (AbA)

Тектеш темалар