Карылыкка дабаа болчу дары барбы?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бакубат, дени сак карылыкка кантип жетебиз?

Сиз канча жашагыңыз келет - 85, 90, 100 жаштан ашкыңыз келеби? Баарынан маанилүүсү улгайган мезгилдеги биздин салматтыгыбыздын чың болушу эмеспи.

Бүгүнкү күндө эң узак жашаган деп расмий аныкталган француз Жанна Кальман 1997-жылы 122 жаш курагында каза тапкан.

Мына эми арадан 20 жыл өткөндөн кийин АКШ окумуштуулары улгайган кезде пайда болгон ооруларды жок кылууга мүмкүн болгон препараттар пайда болот деп ишенүүдө. Бул болсо карылыктын дени сак жылдырын узартат деп болжоп жатышат.

«Шек жок,- дейт биомедицина боюнча геронтолог Обри де Грей. - Медициналык жетишкендиктер кишилерди узак жашоосуна мүмкүндүк берет».

Де Грей карылык процессин иликтөөгө өз каражатынан миллиондогон доллар сарптаган. Ал Калифорния штатындагы Силикон өрөөнүндө жайгашкан SENS иликтөө фондунун алдыңкы илимий кызматкери.

Альцгеймер илдетине чалдыгуу эч бир пенденин башына келбесин дейт ал.

"Улгайган курактагы ден соолуктун начарлашы биздин дүйнөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири".

Окумуштуулар эми бул көйгөйдү чечүүгө медицина жакын эле калды деп болжоп жатышат.

Карылыктын үстүнөн жеңишке жетүүгө мүмкүн деген идеяга баары эле умтула бербейт. Эгерде дүйнөдө ушундай ойду жактагандар табыла турган болсо, анда ал сөз жок Силикон өрөөнү болмок.

2013-жылы Google компаниясы Calico (California Life Company -Калифорниялык өмүр компаниясы) деген фирманы негиздеген. Бул фирманын негизги тапшырмасы "кишилердин узак жана бакубат жашоосуна мүмкүнчүлүк берүүдө" турат. Мына ушул Силикон өрөөнүндө окумуштуулар дененин картайышын кантип кечеңдетүү керектигин изилдешүүдө.

2016-жылы Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг XXI кылымдын соңуна чейин ар кандай илдеттерди дарылоо же алдын алуу жолун табарын убада кылган.

Жөнөкөй организимдерде, айталы бир клеткалууларда өмүрдү узартууга мүмкүн. Эволюциянын жогорку тепкичтерине көтөрүлгөн сайын бул процесс татаалдаша берет.

Карылыкты изилдөө институтунун окумуштуусу Гордон Литгоу, микроскоптикалык курт-кумурскаларды гана эмес, кишинин клеткасында да өмүрдү узартууга мүмкүнбү дегенди изилдеп жаткан лабораторияны жетектейт.

"Лабораториянын шартында жөнөкөй организмде карылык процесси өзгөртүү мүмкүн болду,-деп түшүндүрөт ал. -Биз алардын жашоо узактыгын 500% узарата алабыз. Көп клеткалуу жаныбарлардын, мисалы чычкандардын өмүрүн 20-30 пайызга узартууга мүмкүн. Бирок азырынча кишилерге муну колдонгонго болобу жокпу, ал бизге белгисиз".

Карылыкты иликтөө институту өмүрдү узартуу тууралуу айтылгандарды спекуляция деп эсептейт. Анткени бул негизги максаттан алагды кылууда.

Image caption Өздөрүн Sun City Poms деп атаган Аризона штатындагы улгайган аялдардын тобу акробатикалык бий көнүгүүлөрүн такай жасап турат.

Негизги маселе бул кишилер улгайган мезгилинде оорубай-сыркабай, дени сак жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү.

Бизге медицина ден соолукка байланышкан маселебизди качан чечет деп күтүп олтуруунун кажети жок. Улгайган мезгилде ден-соолугу чың жүрүүгө мүмкүндүк берген ыкмалар бар. Алардын бири - физикалык көнүгүүлөр. Эгерде муну даарыканадан сатып алууга мүмкүн болсо, анда ал абдан көп сатылган каражат болуп калмак эле.

Өздөрүн Sun City Poms деп атаган Аризона штатындагы улгайган аялдардын тобу акробатикалык бий көнүгүүлөрүн такай жасап турат.

"Күндө эрте менен денемдин баары ооруксунуп турам. Бирок көнүгүүлөрдү жасап баштаганда муну унутуп каласын. Көнүгүүлөрдү канчалык көп кылсаң, ошончолук өзүмдү жакшы сезем",-дейт 76 жаштагы Пегги Парсонс.

Ал эми 84 жаштагы Жинджер Прайс: "Мага Sun City Poms жагат. Бул жерде мен физикалык жактан активдүүмүн, мээм дагы иштейт. Анткени бий кыймылдарын эстеп калышым керек. Бул болсо менин эс тутумума жардам берет",-дейт.

Акыл эстин активдүү болгону да маанилүү. Бул деменцияга кабылуу коркунучун дагы төмөндөтөт. Диетаны баланстап турууга да жардам берет.

Тектеш темалар