Каталониядагы шайлоодо жикчилдер алдыда келе жатат

Шайлоого Каталониянын көз карандысыздыгын талап кылган партиялар дагы, Испаниядан бөлүнүүгө каршы маанайдагы күчтөр дагы катышууда. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Каталония парламентиндеги көпчүлүк орундарды жикчил маанайдагы партиялар алат. Шайлоого Каталониянын көз карандысыздыгын талап кылган партиялар дагы, Испаниядан бөлүнүүгө каршы маанайдагы күчтөр дагы катышууда.

99% бюллетендерди санап чыккандан кийин көз карандысыздык үчүн чыгып жаткан үч партия парламенттеги 135 мандаттын жетимишин утуп алган. Ал партиялар "Каталония үчүн бирге" (JxCat), "Каталониянын Республикачыл солчулдары" (ERC) жана "Элдик союз" (CUP).

Бирок алдыда "Атуулдар" (Ciudadanos) партиясы келе жатат. Булар Каталония Испаниянын курамында калышын жактагандар. Бул партия шайлоочулардын 25 пайыз добушун алып, 36 мандатка ээ болду.

Отставкага кеткен каталон өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемон шайлоо тыянактарын жикчилдердин жеңиши деп атады. Брюсселде жасаган кайрылуусунда, Пучдемон "Каталония Республикасы" жеңди, ал эми «испан мамлекети жеңилүү ызаасын тартты» деп айтты.

Еврокомиссиянын өкүлдөрү шайлоо тыянактары Еевропа Биримдигинин позициясына таасирин тийгизбей турганын белгиледи. Брюссел мурдагыдай эле бул маселени Испаниянын ички иши деп эсептейт.

Шайлоо кризистен чыгууга жол таап береби?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Шайлоо өттү. Бирок эми эмне болорун эч ким билбейт?

Би-би-си кабарчысы билдиргендей, шайлоо тыянактары Каталониядагы кризисти чечиши кыйын.

Адатта көпчүлүк добушту алган партиялар өкмөттү түзөт. Кеп бул жерде эми Каталония Испаниянын курамында калышы керек деген позицияны карманган «Атуулдар» партиясы тууралуу жүрүп жатат. Жикчил маанайдагы партиялар дагы жаңы өкмөттү түзүү укугун талашышышы мүмкүн. Анткени алар деле көпчүлүк добушка ээ болду.

Октябрь айында Мадрид Каталония өкмөтүн отставкага кетирген. Анткени Испаниянын өкмөтүнүн көз карашында Каталония боюнча референдумду мыйзамсыз өткөрүшкөн.

Кабарларда айтылгандай, бул жолку шайлоодо добуш берүүгө катышкандар саны 80 пайызга чейин жетип барды.

Азырынча кайсыл партия парламенттен эң көп добуш алары так белгилүү боло элек. «Атуулдар» партиясыбы же «Каталониянын Республикачыл солчулдары» партиясыбы, так белгилүү эмес. Абсолюттук көпчүлүк добушту алууга бир да партия жетишкен жок. Бул эми алдыда өкмөттү куроо маселеси узакка созулган сүйлөшүүлөр менен коштолот дегенден кабар берет.

Би-би-синин Барселонадагы кабарчысы Кевин Коннолинин айтымында, Каталониянын төбөлсүздүгүн жактагандар менен ага каршы чыккандар бирдей эле добушка ээ болду. Ошондуктан провинциянын алдында турган саясый маселенин чечилиши кыйын болуп калды.

Эмне үчүн шайлоо өткөрүлдү?

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Каталонияга испан өкмөтү түз башкаруу киргизгенден кийин Пучдемон жана каталондук төрт саясатчы Бельгияга качып кетти.

Жергиликтүү парламентте жикчилдер көпчүлүк орундарды ээлеп туруп, 27-октябрда өткөн референдумдан кийин Каталониянын көз карандсыздык жарыялап салышкан.

Референдумдун өтүшүн мыйзамсыз санаган испан өкмөтү, добуш берүүнүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды жараткан. Полиция менен кагылышуулар орун алган эле. Шайлоочулардын жарымына чукулу гана катышканына карабастан, референдум өттү деп саналып, уюштуруучулар 90% шайлоочу көз карандысыздык үчүн добуш берди деп жарыялашты.

Карлес Пучдемон рефрендумдун тыянактары Каталониянын Испаниядан ажыратып, көз карандысыз деп жарыялоого укук берет деп айтып чыккан.

Каталонияга испан өкмөтү түз башкаруу киргизгенден кийин Пучдемон жана каталондук төрт саясатчы Бельгияга качып кетти. Испания аларды козголоң уюштурган деп айыптоодо. (AbA)

Тектеш темалар