Сиз жөнүндө Google билгенди кантип өчүрсө болот?

Глаз Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Google компаниясы колдонуучулардын көп маалыматтарын алат. Бирок алар бул тууралуу колдонуучу менен келишимде эскертет.

Дүйнөдөгү эң популярдуу Google системасы өзүнүн колдонуучулары жөнүндө маалыматтарды каттоого алары белгилүү. Бирок техникалык гигант катталган маалыматтарды өчүрүүгө дагы мүмкүнчүлүк берерин сиз билбешиңиз мүмкүн.

Ал Сиздин эмне издеп жатканыңызды, эмне кызыктырарын жана сиз караган сайттарды билет.

Биз дүйнөдөгү эң популярдуу издөө системасы Google жөнүндө айтып жатабыз. "Google кызматын пайдаланып жатканда, сиз бизге өзүңүз жөнүндө маалыматтарды ишенип бересиз". Техникалык гигант өзүнүн конфиденциалдуулук шарты катары өзүнүн колдонуучуларына ушуну билдирет.

Бирок сиз, балким, Google "Менин активдүүлүгүм" деп аталган функциядагы ар кандай маалыматтарды өчүрүүгө дагы мүмкүнчүлүк берерин сиз билбейсиз.

Бул бир нече жөнөкөй кадамдар менен ишке ашат.

1. "Менин ишмердигимди" өчүрүү

Google издөө системасын ар бир жолу ачканыңызда, компания сиздин каттооңүз менен байланыштырат.

Ал ошондой эле сиздин ар бир аракетиңизди каттоого алат, мисалы форманы толтуруп же сиздин Gmail почтаңызды караганыңызды.

Бул маалыматтардын баары "Менин ишмердигим" деген ат менен сайтта топтолот. Бул «Менин ишмердигим" дегендин шилтемеси.

Сүрөттүн автордук укугу Google

Сиз айрым бир элементтерди табыш үчүн же кайсы бир беттерди жок кылыш үчүн издөө кызматын пайдалана аласыз.

Google сиздин аракеттериңиздин ыктымал кесепеттерин эскертет, бирок чынында Google өчүрүү же жазуу сиздин браузерге эчтеке кылбайт.

2. YouTube баракчасынан дагы өзүңүздүн изиңизди өчүрүңүз

Google сиз YouTube баракчасынан эмне издеп, эмне көрүп жатканыңызды дагы каттап турат.

Бирок аны деле оңой өчүрсө болот. Адегенде "сол жактагы менюдан "таржымалды" басып, "Издөө таржымалын бүт өчүр" дегенди басыңыз.

Сүрөттүн автордук укугу Google

Ошондой эле айрым бир издөө салып же өчүрүү керек болгон элементтерди карай аласыз.

3. Жарнама бергендер сиз жөнүндө билгендерди өчүрсө болот

Google сиз жөнүндөгү маалыматтарды өзү эле билип тим болбой, аны жарнама берүүчүлөргө дагы сунуштайт.

Сиз өзүңүз издеген маалыматтарга жараша ар кандай рекламаларды көрүп жатканыңыз ушундан. Бирок чочубай эле коюңуз, Сиз жөнүндө кандай маалымат берилип жатканын өзүңүз текшерип көрсөңүз болот. Ал үчүн Google баракчасындагы каттоңузга кирип, "Жеке купуя маалыматтар" бөлүмүнө кириңиз.

Сүрөттүн автордук укугу Google

Бул жолу "Жарнама түзүү" параметрлерин издейбиз. Аны басып, андан кийин «Жарнаманы түзүүнү башкаруу" дегенди басабыз.

Ошондо сиз "жарыяларды персоналдаштыруу" деген параметрди көрөсүз. Эгер аны өчүрүп койсоңуз, анда сиз кереги жок жарнамаларды албай каласыз.

Сүрөттүн автордук укугу Google

Бул жолу "Жарнама түзүү" параметрлерин издейбиз. Аны басып, андан кийин «жарнама түзүүнү башкаруу" дегенди басабыз.

Ошондо сиз "жарыяларды персоналдаштыруу" деген параметрди көрөсүз. Эгер аны өчүрүп койсоңуз, анда сиз кереги жок жарнамаларды албай каласыз.

4. Google баракчасындагы катталган даректерди өчүрө аласыз

Эгер сиз андроид-түзүлүштү колдонуп жаткан болсоңуз, Google өзүңүздүн телефонуңуз же планшет менен караган даректерди каттап турат.

Бул шилтеме менен текшерип көрсөңүз болот

Андагы маалыматты бүт өчүрүп салыш үчүн ушул баракчага барыңыз. Сиз андагы өзүңүз ачкан даректерди же андагы маалыматтардын баарын же бир убактагысын өчүрүп кое аласыз.

Сиз керек болсо барган өзүнчө бир жерлерди же токтогон жерлерди да өчүрүп кое аласыз.

Тектеш темалар