2017-жыл күтүүсүз сандар менен

2017-жылдын жыйынтыгын Би-би-си сандар менен көрсөтөт. Бул сандар өтүп бара жаткан жыл тууралуу көп нерселерди айтып бере алат. Ал тургай түшүндүрүп да бермекчи.

Карта

37 993

Дал мына ушунча сандагы бомба жана ракета январдан октябрга чейин АКШ башында турган эл аралык коалиция тарабынан Ирак менен Сириянын аймагына ташталган.

Ирак менен Сириядагы эстремисттик топторго Орусия дагы байма-бай аба чабуулдарын жасап турду. Бирок алар урулган соккулардын санын айткан жок.

Активисттер жайкын тургундар курмандык болгон учурлар Вашингтон жана Москванын расмий сандарынан алда канча көп экенин белгилешет.

Деген менен эл аралык коалициянын жана орусиялык аскерлердин операциялары өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топту Ирак менен Сириянын чоң аймагынан сүрүп чыгарууга жардам берди.

Вулкан

127

Индонезиядагы активдүү вулкандардын саны ушунча. Бул дүйнөнүн кайсыл гана өлкөсүнө салыштырба, өтө эле көп сан. Ноябрда Агунг вулканы козголуп, он миңдеген кишилер кооптуу райондордон көчүрүлдү.

Земля

1 700 000 киши

"Твиттердин" ушунча колдонуучусу #MeToo хэштегин колдонуп, сексуалдык асылуу жана зомбулукка каршы маанайын билдирип чыккан.

Октябрда Голливуд кинопродюсери Харви Вайнштейнге байланышкан чуулгандуу жаңжалдан кийин #MeTooхэштеги тарап баштады. Сексуалдык зомбулукка каршы социалдык тармактар аркылуу өткөн өнөктүккө дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн аялдар катышты.

Мьянма

Нөл

Нобель сыйлыгынын ушунча лауреаты, анын ичинде Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжи рохинжа мусулмандарына карата мыкаачылык саясатты токтотууга чакырды.

«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун маалыматына караганда, 2017-жылы кеминде 6 миң рохинжа мусулмандары (анын 730у беш жашка чейинки балдар) өлтүрүлгөн.

Сентябрда Аун Сан Су Чжи рохинжа элине карата куугунтук чындыкка коошпойт деп айтып, рохинжаларга байланыштуу маалыматтар абдан бурмаланганын билдирген эле.

Айсберг

812 футбол талаасы

Антарктидадагы муздан эбегейсиз чоң муз бөлүнүп чыкты. Ларсен мөңгүсүнөн A68 aйсберги ушул жылдын июль айында бөлүнүп чыккан. Бул өтө чоң муз болгондуктан, аны футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын кийинки 12 чемпионатын бир эле учурда өткөрүүгө болот деп салыштырышкан. Окумуштуулардын айтымында, бул көрүнүш глобалдык жылуулуктан улам климаттык өзгөрүүлөр абдан бат жүрүп жатканынан кабар берет.

Сигарета

44 күн

Индиялык дарыгерлер ноябрдагы Делиде болгон абанын булганышы өтө жогорку чекке чыкканын айтышты. Баш калаадагы абадан дем алууга мүмкүн болбой калды жана бул күнүгө 44 тамеки тартканга барабар зыянын тийгизет деп мүнөздөшкөн. Дүйнөдөгү эң булганыч абасы бар 20 мегаполистин 10ну индиялык шаарлар.

Монеты

1600%

2017-жылы биткоиндерге болжолу 1600% кошулуп, декабрда 20 миң долларлык чекке жакындады.

Бассейн на фоне города

60 000 000 олимпиадалык бассейндер

Августта болгон Харви бороону 150 триллион литр сууну АКШ аймагына төктү. Мынча көлөмдөгү сууга 60 млн олимпиадалык бассейнди (узундугу 50 м, кеңдиги 25 м жана тереңдиги 2 м) толтурса болот эле.

Звезды

17

Бул 2017-жылы көз жумган белгилүү жана атактуу кишилердин санын туюндурат. 2017-жылы өткөн жылга салыштырганда көп атактуу кишилер оо дүйнө салды дейт Deathlist.net сайтынын некрологдору. 2017-жылы Playboy журналынын негиздөөчүсү Хью Марстон Хефнер, америкалык куудул Жерри Льюис, миллиардер Дэвид Рокфеллер, музыкант Том Петти, пианист Фэтсом Домино, ырчы жана гитарист Глен Кэмпбелл, америкалык актриса Мэри Тайлер Мур каза тапты. (AbA)

Исмаил Монирдин иллюстрациясы.

Тектеш темалар