Сириядагы орусиялык аскер базасына дагы чабуул жасалды

(2015-жылдагы сүрөт) Сүрөттүн автордук укугу Tass
Image caption 31-декабардагы Хмеймим авиабазасына кол салуу тууралуу маалыматтарды Орусиянын Коргоо министрлиги расмий тастыктаган эле. (2015-жылдагы сүрөт)

Сириянын Латакия провинциясындагы орусиялык Хмеймим авиабазасына колго жасалган дрон менен чабуул болгон. Азырынча чабуулду ким ишке ашырганы белгисиз. Айрым маалыматтарда өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган топтун согушкерлери деп айтылды.

Orient News маалымат агенттиги так аныкталбаган дрон орусиялык базага 6-январь күнү кечинде чабуул жасаганын жазып чыкты. Басылмадагы маалыматка караганда, учуучу аппаратты коргонуу системасы байкап калып, сиреналар иштеген. Базадан дронду көздөй ок атылган. Бирок анын эмне жыйынтык бергени айтылган жок.

Arabi21 басылмасы чабуул тууралуу сириялык оппозиция өкүлдөрүнө шилтеме берип маалымдады. Ок атышуунун үндөрү, жарылуу жана сирена иштегенин, болжолу орусиялык базада жардарлар бар экени тууралуу "Твиттердеги" баракчасына сириялык журналист Кеворк Алмассиан жазды.

Сириядагы адам укуктары боюнча мониторинг борборунун маалыматында, чабуул "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Латакиядагы базасынан жасалган.

Орусиялык ММКлар чабуул тууралуу Telegram-канал Directorate 4 булагына шилтеме берип жазып чыгышты. Каналдын авторунун жазганына караганда, дрондордун бири аба майдандан анчейин алыс эмес жерден байкалаган. Анын түзүлүшү өтө жөнөкөй экенин жазды.

Бирок бул боюнча Орусиянын Коргоо министрлиги эч кандай расмий комментарий бере элек.

Бир аптада экинчи ирет

Бул Сириядагы орусиялык базага жасалып жаткан соңку аптадагы экинчи чабуул болуп калды. Буга чейин 31-декабардагы Хмеймим авиабазасына кол салуу тууралуу маалыматтарды Орусиянын Коргоо министрлиги расмий тастыктаган эле. Ал кол салуудан эки орусиялык аскер кызматкери каза тапканы айтылган.

"Коммерсант" басылмасынын жети аскер учагы жок кылынганы тууралуу жазганын Коргоо министрлиги "фейк" деп атаган. "Коммерсант" басылмасы аты аталбаган топтун согушкерлеринин кол салуусунан орусиялык базадагы Су-24, Су-35С аскер учактары, Ан-72, ошондой эле курал-жарактар сакталган кампа жок кылынганын жазган эле.

Сириядагы өнөктүк башталгандан бери орусиялык аскерлердин жоготуусу 47 кишини түзгөн.

Өткөн жылдын декабрында президент Владимир Путин Сирия аймагындагы өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган топ толугу менен жок кылынганын айткан эле. (AbA)

Тектеш темалар