Түндүк Корея Кышкы Олимпиада оюндарына катышат

South Korean Unification Minister and chief delegate Cho Myoung-gyon (R) shakes hands with his North Korean counterpart Ri Son-gwon Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Сеул менен Пхеньян эки жылдан бери биринчи жолу жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө

Түндүк жана Түштүк Корея өлкөлөрү эки жылдан бери биринчи жолу жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, Пхеньян Олимпиада оюндарына спортчуларын жөнөтмөй болду.

Эки тарап Панмунжом кыштагындагы Тынчтык үйүндө жолугушууда. Түндүк Корея Кышкы Олимпиада оюндарына спортчуларын, күйөрмандарды жана башка делегациясын жөнөтөт.

Ошондой эле Түштүк Корея сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы алакаларды жакшыртуу боюнча маселени дагы көтөрөт деп айтылууда.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы мамиле 2015-жылдан бери чыңалып келет. Пхеньян өзөктүк курал долбоорун улантып жана континент аралык баллистикалык ракеталарын сыноодон өткөргөн соң, Сеул Кэсон өнөр жай комплексиндеги биргелешкен экономикалык долбоорлорду токтотуп, эки тараптын мамилелери бузулган.

Бул окуядан улам Түндүк Корея Сеул менен байланышын толугу менен үзүп салган. Соңку жылдары Түндүк Кореянын өзөктүк курал жана ракеталык сыноолорунан улам чөлкөмдө чыңалган абал пайда болду.

Олимпиада жана тынчтык

Эки тарап сүйлөшүүлөргө беш кишиден турган делегациясын жөнөттү. Алар жолугушуунун алдында журналисттер менен жыйын өткөрүштү.

Сеулдун делегациясынын башчысы, Биригүү министри Чо Миоң Гион Пхёнчхан шаарында өтө турган "Кышкы Олимпиада тынчтыктын оюндары болмокчу, биздин түндүк тараптагы маанилүү конокторубуз дүйнөнүн туш тарабынан келген меймандарыбыз менен чогу келет" деп айтты.

Түштүк Корея Кышкы Олимпиада оюндары аркылуу Түндүк Корея менен алакаларын жакшыртуу максатын бир нече жолу белгиледи.

Түндүк Кореянын делегациясынын башчысы Ри Сон Квон дагы "диолог натыйжалуу болуп, быйылкы жылдын биринчи белеги болсун" деп айтты.

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү чек арага жакын жайгашкан Панмунжом кыштагында өтөт. Сеул менен Пхеньян бул кыштакта бир нече жолу тарыхый сүйлөшүүлөрүн өткөргөн.

Панмунжом кыштагынын мааниси

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сеул менен Пхеньян Панмунжом кыштагында бир нече жолу тарыхый сүйлөшүүлөрүн өткөргөн

1953-жылы Корей согушу токтотогон соң, эки тарап Панмунжом кыштагын сүйлөшүүлөр жүргүзгөн аймак катары таанышкан.

"Элдешүү кыштагы" экиге бөлүнгөн: бир тарабы Түндүккө, экинчи тарабы Түштүккө таандык.

Кыштактын борборунда, эки тарапты бөлгөн сызыктын так ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун башкаруу имараты жайгашкан.

Өткөн жылы Түндүк Кореянын аскери так ушул аймактан Түштүк тарапты көздөй качканын көрсөткөн тасма тараган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар