АКШ Борбор Азияда кандай стратегияны карманат?

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон 2017-жылы Нью-Йорк шаарында С5+1 плаформанын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолуккан Сүрөттүн автордук укугу BRYAN R. SMITH/AFP/Getty Images
Image caption Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон 2017-жылы Нью-Йорк шаарында С5+1 плаформанын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолуккан

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев расмий иш сапары менен Кошмо Штаттарына барып, президент Трамп менен жолугат. Эки лидер соода, инвестиция, региондогу коопсуздук жана билим берүү жаатындагы көйгөйлөр боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Президент Назарбаевдин сапарынын алдында АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде телефон аркылуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, АКШнын жалпы Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга карата стратегиясы тууралуу суроолорго жооп берди.

Трамп президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда АКШны "дөө-шаа мамлекетке" айлантам деген ураанды айтып келди. Ал президент катары кызматка киргенден кийин АКШ өнүгүп келе жаткан мамлекеттер менен мамилесин кандай өзгөртөт деген суроо туулган.

Ошондой эле Вашингтон менен Москванын мамилеси оңолсо, Борбор Азия мамлекеттерине кыйла жеңил болоору дагы жоромолдонгон.

АКШ Борбор Азиянын интеграциясына кызыкдар

Күтүлгөндөй эле элчи Элис Уэллс АКШ Борбор Азия менен кызматташтыгын күчөтөт деп билдирди:

"Борбор Азия мамлекеттери менен биргелешкен стратегиялык кызыкчылыктарыбыз бар. Анын ичинде экономикалык интеграция, баңгизатка каршы күрөш, терроризмге каршы күрөш жана региондогу туруктуулукту бекемдөө"- деди Элис Уэллс.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс

Элчи айым жалпы Борбор Азия тууралуу сөз кылып жатып, АКШ бул региондун интеграцияланышын каалап турганын билдирди. Чынында Борбор Азияны кандайдыр бир уюм аркылуу бириктирүү аракеттери 1990-жылдары болгон.

Бирок бул уюмдар натыйжасыз иш жүргүзүп, кагаз түрүндө калган эле. Кытай жана Орусиянын таасири бул региондогу мамлекеттерде туруктуулукту бекемдейби?

"Регионалдык интеграция бардык тараптарга алгылыктуу маселе, өзгөчө Борбор Азия мамлекеттерде актуалдуу темага айланды. АКШнын регионго карата тышкы саясаты дал ушул багытта жүрүп жаткан болчу. Айта кетсек, мурдагы президент Обаманын мамлекеттик катчысы Жон Керри баштап кеткен демилге бар - С5+1 платформасы. Ага Борбор Азиянын беш мамлекети жана АКШ ортомчу болуп катышып, регионалдык диалог өтчү платформа даярдалган. Албетте, мунун максаты эмне дегенде ар кандай стратегиялык жүйөөлөр болушу ыктымал. Алардын арасында Борбор Азия мамлекеттерин бириктирип, кайсы бир деңгээлде Орусиянын же Кытайдын таасирин азайтуу деген максаттар жок эмес болсо керек. Эске салсак, президент Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча документин жарыялашты. Анын ичинде Орусия менен Кытайга өнөктөш эмес, атаандаш катары караган сөздөр бар", -деди саясат таануучу Эмил Жураев.

С5+1 платформасынын келечеги кандай болот?

2015-жылы Обаманын администрациясы түзгөн С5+1 платформасынын алкагында, 2016-жылы Вашингтон шаарында АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин министрлери жыйын өткөрүп, 15 миллион долларга беш долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге жетишкен.

Сүрөттүн автордук укугу BRENDAN SMIALOWSKI/AFP/Getty Images
Image caption 2015-жылы С5+1 платформасынын алкагында Самарканд шаарында орун алган жыйын

Бирок Трамп кызматка киришкенден кийин бул платформанын келечеги тууралуу бир топ суроолор жаралды. Айрым адистер платформа Обаманын долбоору болгондуктан, Трамп аны улантпайт деген пикирде эле. Арийне, бул чынында андай эмес дейт Элис Уэллс.

"Биз С5+1 плаформасы пайдалуу жана жемиштүү формат деген пикирдебиз. Ооба, бул долбоорду мурдагы администрация баштаган. Бирок аны Трамптын администрациясы жактырып, колдоп, ишти улантууну көздөйт. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Нью-Йорк шаарында С5+1 плаформанын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жолугушту. Кийин С5+1 плаформасынын жыйыны Борбор Азияда өтсүн деген сунушту колдоду. Андан тышкары Конгресс дагы бул долбоорду колдоп, 15 миллион доллар бөлүндү", -деди элчи Элис Уэллс.

АКШнын Кыргызстанда кызыкчылыктары барбы?

Ал эми Борбор Азия мамлекеттерин өзүнчө алганда, Кыргызстан АКШнын Бишкектеги аскер базасын жаап, 2015-жылы мамлекеттик департамент укук коргоочу Аскаровго "адам укуктарын сактоого кошкон салымы" үчүн сыйлык бергенден кийин, кыргыз бийлиги АКШ менен кызматташтык келишимди токтоткон болчу.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Кыргызстан АКШнын Бишкектеги аскер базасын жаап салган

Ошол эле учурда президент Трамптын АКШнын кызыкчылыгын биринчи орунга коем деп айтканы да бар. Андыктан, мунай же газ ресурстары жок Кыргызстанда Вашингтондун кандай кызыкчылыгы бар деген суроо туулат. Би-Би-Си дал ушул суроону элчи айымга жолдоду:

"26 жылдын ичинде АКШнын өкмөтү Кыргызстанга эки миллиард долларга тете инвестициялык жардам көрсөттү. АКШ Кыргызстандын ийгиликтүү, туруктуу, коопсуз жана демократиялык мамлекет болушун каалайт. АКШ сый-урмат мамиленин негизинде Кыргызстан менен кызматташтыкты уланта берет. Албетте, пикир келишпестиктер болду. Мындай нерсе бардык мамлекеттерде болот. Бирок биз мамилебизди жакшыртууга умтула беребиз. Кыргызстан менен АКШнын туруктуулук, коопсуздук жана бакубаттуулук боюнча кызыкчылыктары бир. Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечеги кең мамлекет катары көрөбүз. Жаңы администрация дагы тарыхый тыгыз мамилебизди улантат. Кыргызстан тынч президенттик шайлоо өткөрүп, региондогу башка мамлекеттерден айырмаланды. Биз келечекте президент Жээнбеков менен дагы тыгыз иштейбиз деп ойлойм", -деди элчи Элис Уэллс.

Ошол эле учурда жергиликтүү саясат таануучулар АКШнын Кыргызстанга өзгөчө мааниге ээ болгон стратегиялык кызыкчылыктары деле жок деп жатышат.

"Бул маселеде биз өзүбүздү-өзүбүз алдабай, так айтканыбыз абзел. Кыргызстандын АКШ үчүн эч кандай өзгөчө мааниге ээ болгон жагдайы жок. Бирок дүйнөдө 200дөй өлкө болсо, ар бир мамлекет менен АКШнын алакасы бар. Ошондуктан кайсы бир өлкөгө АКШ кызыкпайт деген жаңылыштык болот. АКШнын глобалдык лидер катары кызыкчылыгы баардык жакта бар деген принцип менен алганда Кыргызстанда дагы кызыкчылыгы болот. Бирок, башкалардан өзгөчөлөнгөн чоң кызыкчылык жаратабыз деген ойдон алысмын" -деди Эмил Жураев.

Өзбекстандын Борбор Азиядагы жаңы ролу

Кыргызстандан тышкары, элчи айым Казакстан, Өзбекстан жана Ооганстан тууралуу да сөз кылды. 2017-жылы Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен мамилеси оңолуп, чек ара жана башка бир нече олуттуу көйгөйлөр чечилгени белгилүү. Эми дүйнөгө жаңыдан ачылып жаткан Өзбекстан менен Вашингтондун стратегиясы кандай болот?

"Биз көптөн бери күчтүү жана бирдиктүү Борбор Азияны колдоп келебиз. Түштүк Азия боюнча стратегиянын алкагында региондогу мамлекеттердин экономикалык байланышын күчөтүүнү колдоп келебиз. Демек, Өзбекстандын дүйнөгө ачылып жатканы ири долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат" -деди элчи.

Сүрөттүн автордук укугу BRENDAN SMIALOWSKI/AFP/Getty Images
Image caption Дүйнөгө жаңыдан ачылып жаткан Өзбекстан менен Вашингтондун стратегиясы кандай болот?

Өзбекстандагы жаңы саясий абал АКШга гана эмес, Борбор Азияга кызыккан башка мамлекеттерге дагы өткөн жылдагы орчундуу өзгөрүүлөрдүн бири болду. АКШнын Борбор Азияны интеграциялоо кызыкчылыгын эске алганда, бул өзгөрүүлөр Вашингтонго стратегиясын ишке ашырууга канчалык жол ачат?

"Буга чейин Өзбекстан интеграция маселелеринде бут тосуп, тоскоол болуп келген мамлекет болчу. Азыр болсо Өзбекстан тескерисинче биригүүнүн локомотиви болуп калды десек жаңылышпайм. Бизге буга чейин белгилүү болгондой, Өзбекстан региондогу башка беш мамлекеттин арасында Орусиядан көбүрөк көз карандысыз болуп, автономиялуу тышкы саясатты карманган мамлекет катары кызыкчылыкты туудурат", - деди Эмил Жураев.

Ооганстан Борбор Азиянын бир бөлүгүбү?

Борбор Азияны бириктирүү стратегиясы менен бирге АКШ Ооганстанда туруктуу мамлекет курууга да кызыкдар. Элчи айым белгилеп кеткен Түштүк Азия стратегиясына Ооганстан, Пакистан, Индия жана Борбор Азия мамлекеттери кирет. Ошол Ооганстан маселесинде Борбор Азиянын ролу кандай болот?

"Биз көптөн бери Ооганстандын келечеги Борбор Азия регионуна байлануу экенине ишенебиз. Ооганстан Борбор Азия мамлекеттери менен тыгыз мамиледе болушу абзел", - деди элчи.

Арийне, Борбор Азия мамлекеттери үчүн Ооганстандын бул регионго тиешеси жок. Бул көз караш совет доорунда түптөлгөн жана Ооганстан беш мамлекеттин бири катары каралган эмес, дейт саясат таануучу Эмил Жураев.

"Эгер АКШнын Ооганстандагы тышкы саясаты улана берчү болсо, түздөн-түз географиялык жактан тиешелүү болуп турган Борбор Азия дагы ошол тышкы саясаттын ичине кириши керек. Кененирээк концептуалдык жактан алганда, АКШнын тышкы саясатында, региондорду бөлүп кароо принцибинде, Борбор Азия Түштүк Азия мамлекеттери менен бирге каралып келет. Мурда Евразия мамлекеттерине таандык болсо, 2005-жылдан бери Түштүк Азия мамлекеттери менен бирге каралып келет. Бул дагы Борбор Азиянын тамыры, кимдиги, өздүгү Орусиядан обочолонуп, түштүктөгү мамлекеттерге жакынырак болууну каалаганынан болсо керек", -деди Эмил Жураев.

Казакстан өзөктүк курал коркунучун ооздуктоо аракетин көргөн глобалдык лидерби?

Нурсултан Назарбаевдин АКШга болгон расмий иш сапарынын алдындагы маалымат жыйында элчи Элис Уэллс Казакстандын өзгөчө ролун дагы белгилеп өттү. АКШ Казакстанды глобалдык өзөктүк курал коркунучун ооздуктоо аракетин көрүп жаткан мамлекет катары таанып, Вашингтон бул багытта кийин дагы биргеликте иш жүргүзөт деп билдирди.

Ѳзөктүк курал маселеси дүйнөлүк тынчтыкка олуттуу коркунуч бойдон кала берүүдө. Казакстан болсо өз ыктыяры менен өзөктүк куралдарын жок кылган эки мамлекеттин бири жана өзүн ушул багытта лидер катары көрсөтүүгө умтулат.

Сүрөттүн автордук укугу STANISLAV FILIPPOV/AFP/GETTY
Image caption Кансыз согуш учурунда Советтер Союзу өзөктүк куралын Казакстандын чыгыш-батышында болжолу менен 500 жолу сыноодон өткөргөн

Ошондой эле өткөн жылы Казакстан дүйнөдөгү биринчи аз өлчөмдө байытылган уран банкын ачкан. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (АЭЭА) колдогон бул демилгенин максаты - дүйнөлүк тынчтыкты өзөктүк куралдын жайылышын ооздуктоо аркылуу бекемдөө.

АЭЭАга мүчө болгон өлкөлөр банктагы аз өлмөчдө байытылган 90 тонна уранды алып, Атомдук электростанцияларында колдоно алат. Сынчылардын айтымында, авторитардык президент Нурсултан Наразбаев аз өлчөмдө байытылган уранды сактоочу жайларды өз мамлекетинде жайгаштырып, өзүнө упай топтоону көздөйт.

Тема боюнча башка макалалар