Калифорнияда балдарды чынжырлап кармаган түгөйлөр кармалды

Калифорниянын полициясы өзүнүн балдарын абактагыдай шартта кармаган деген шек менен жубайларды камакка алды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Калифорниянын полициясы өзүнүн балдарын абактагыдай шартта кармаган деген шек менен жубайларды камакка алды.

Калифорниянын полициясы өзүнүн балдарын абактагыдай шартта кармаган деген шек менен жубайларды камакка алды.

Калифорниянын Перрис шаарындагы үйдөн полиция он үч баланы таап чыккан. Эң кичүүсү эки жашта, улуусу 29 жашта. Алардын айрымдары чынжыр менен керебетке байланган экен.

Балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган жана шылдыңдаган деп 57 жаштагы Дэвид Аллен Турпин менен 49 жаштагы Луиза Анна Турпин кармалды.

Полиция бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, жекшембиде кыздардын бири үйдөн качып чыгып, куткаруу кызматына телефон чалган.

Сүрөттүн автордук укугу DAVID-LOUISE TURPIN/FACEBOOK
Image caption Бул сүрөттө Турпиндердин бүлөөсү бактылуу көрүнөт.

17 жаштагы бул кыз абдан арыктаган, анын кебетеси 10 жаштагыдай деди полиция. Турпиндердин үйүнө келген полиция үрөй учурган көрүнүшкө күбө болгон. Сасык жыттарга толгон бөлмөдөгү керебетке чынжырланып байланган балдарды көрүшкөн. Мындай көрүнүшкө ата-энеси жөндүү түшүндүрмө бере алышкан эмес.

"Балдардын чала тамактанганы көрүнүп турат. Абдан жүдөп кетишкен",-деп маалымат берди полиция.

Учурда балдарды жергиликтүү ооруканада реабилитациядан жана дарылоодон өткөрүп жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Турпиндердин бүлөсү Калифорнияга көчүп келе электен алдын көп жыл Техаста жашаган.

Дэвид Турпин америкалык Northrop Grumman аскердик өндүрүш компаниясында инженер болуп иштейт. Айлык акысы да жаман эмес. Жубайы болсо эч жерде иштебейт. Чоң балдарынын окуганга да, иштегенге да мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Жергиликтүү мектепке карыз болуп калгандардын арасында Дэвид Турпиндин дагы ысымы болгону айтылып жатат. Коңшулары бул бүлөнү начар жашаган жана түшүнүксүз эле деп айтып беришкен. Окуянын чоо-жайы териштирилгенден кийин гана ачыкка чыгат. (AbA)

Тектеш темалар