Казакстанда автобуста 52 киши күйүп кетти

сгоревший автобус Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images

Казакстандын батышындагы Ак-Төбө облусунда автобус күйүп кетип, 52 киши каза тапты. Алдынала маалыматтарга караганда мүрт кеткендер Өзбекстан жарандары.

Автобус Самара - Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, Калыбай айылынан 10 чакырым аралыкта, жергиликтүү убакыт боюнча 10:30да болгон.

"Жүрүп бараткан учурда "Икарус" үлгүсүндөгү автобустан өрт чыккан. Бул учурда автобуста 55 жүргүнчү жана эки айдоочу болгон",-деп билдирди Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин өкүлү Руслан Иманкулов.

Күйүп жаткан автобустан беш киши аман-эсен качып чыгууга үлгүрүшкөн. Азыр аларга медицианалык жардам көрсөтүлүп жатат. "Калган 52 киши ордунда мүрт кеткен", -деди Иманкулов.

Өзгөчө кырдаалдар департаментинин облустук бөлүмү каза тапкандар Өзбекстан жарандары экенин айтууда. Ал эми автобустун эки айдоочусу казак жарандары болгон. Интернетте тарган күбөлөрдүн видеолорунан кара түтүн чыгып күйүп жаткан автобусту көрүүгө болот.

Алдынала маалыматтарга караганда автобустагы өрттүн чыгышына электр зымдарынан чыккан жалын себеп болушу мүмкүн. Андан сырткары автобус ашыкча жүк менен келе жаткан деп айтылды. Ак-Төбөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментинин облустук бөлүмү автобустун капталындагы эшиктин жабылып калганы кишилерди эвакуациялоого тоскоол болгонун билдирген.

"Автобус токтогондон кийин айдоочулары качып чыгышкан. Жүргүнчүлөр болсо автобустан качып чыгууга аракет кылышып, бирок эшик бек болуп калган",-деп айтты Sputnik Казахстан агенттигине берген маегинде департаменттин басма сөз кызматынын өкүлү Виталий Синев.

Министрликтин маалыматына караганда күйүп кеткен автобустун ээлеринин жүргүнчү ташыганга лицензиясы болгон эмес. Жол кыймылынын эрежесин бузуу деген берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Өзбекстан жарандары кабылган мындай кырсык өткөн жылдын октябрь айында эле катталган болчу. Анда Орусиянын Владимир облусундагы темир жолду кесип өткөн жолдо жүүргүнчү ташыган поезд менен автобус кагылышып, кеминде он беш киши каза тапкан. (AbA)