13 баласын чынжырлап кармаган ата-эне айыптарды четке кагууда

Дэвид Турпин (оңдо) жана Луиза Турпин (солдо) сотто өзүнүн күнөөсүз экенин айтты. Сүрөттүн автордук укугу cbs
Image caption Дэвид Турпин (оңдо) жана Луиза Турпин (солдо) сотто өзүнүн күнөөсүз экенин айтты.

Калифорнияда өзүнүн 13 баласына катаал мамиле кылган деп айыпталган жубайлар күнөөсүз экенин билдирди.

56 жаштагы Дэвид Турпинге жана 49 жаштагы жубайы Луизага мазактоо, кыйноо, жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу беренелери менен айыбы угузулду.

Полиция бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, жекшембиде кыздардын бири үйдөн качып чыгып, куткаруу кызматына телефон чалгандан кийин жубайларды камакка алышкан. Риверсайд округунун прокурору Майк Хестриндин айтмында, полиция үйгө келген учурда балдардын үчөө кербетке чынжырланып турганын көрүшкөн.

Сүрөттүн автордук укугу DAVID-LOUISE TURPIN/FACEBOOK
Image caption Бул "Фейсбукка" жарыяланган сүрөттө бул үй бүлө толук бактылуу көрүнөт.

Майк Хестриндин айтымында, мындай жол менен Дэвид менен Луиза балдарын жазалап турушкан. Биринчи жөн эле аркан менен байлаган болсо, кийин керебетке чынжыр менен кулпулашкан.

Балдарды ооруканага жаткырышты. Балдардын курагы 2 жаштан 29 жашка чейин. Эки жаштагы ымыркайдын гана салмагы нормага ылайык болгон. Калгандары чала тамактангандан өңүнөн азган деп айтылды расмий маалыматта. 12 жаштагы баланын салмагы 7 жаштагыдай болгон. Ал эми 29 жаштагысы 37 кг салмакта экен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бейшембиде өткөн маалымат жыйынында Майк Хестрин буларга тагылган айыптоолорду угузду.

Балдардын кантип билим алганы боюнча азыр көп маалыматтар белгисиз. Бирок балдардын айрымдары жазганды жана окуганды билет.

Бейшембиде өткөн маалымат жыйынында Майк Хестрин буларга тагылган айыптоолорду угузду. Эгерде айтылган ондогон айыптоолор боюнча жубайлар күнөлүү деп табылса, 94 жылдан баштап, өмүр боюу эркинен ажыратуу жазасына тартылышы мүмкүн. (AbA)

Тектеш темалар