Times: Дүйнөдө демократия кризисте

Times басылмасы

Times басылмасы Вашингтондогу Freedom House көз карандысыз изилдөө институтунун докладын негиз кылып, автократиялык режимдердин таасири өсүп жатканын жана президент Трамптын демократияны коргоодон баш тартканы дүйнөдөгү эркиндикти коркунучка кептерин жазып чыкты.

Демократия чегинүүдө

"Демократия кризисти жашап жатат, -деп айтылат докладда. - Анын баалуулуктары, өзгөчө лидерлерди адилеттүү шайлоо жолу менен эркин тандап алуу укугуна көп жерде кол салынып, артка чегинүүдө".

12 жылдан бери катарынан Freedom House демократиялык принциптерден четтеп кеткен өлкөлөрдүн саны көбөйүп жатканын көрсөтүп келет. Бул албетте демократия идеясы тарап жаткан өлкөлөрдөгү абал.

"Чоң үмүттөр жаралган өлкөлөр, айталы Түркия жана Венгрия сыяктуулар кайра артына - авторитаризмге кетип жатат", -деп айтылат докладда.

Демократия өзүнүн позицияларын жоготуп жатканда, "дүйнөнүн негизги автократиялык режимдери - Орусия жана Кытай бул түзүлгөн кырдаалды өз үйүндөгү репрессияны гана күчтөнтпөстөн, башка өлкөлөргө да тескери таасирин арттырууга пайдаланууда" деп белгиленген.

"Москва менен Пекин демократия алардын репрессиялуу режимдерине коркунуч жаратат деп, чаалыкпастан демократиянын негиздерин бузуп-жаруунун үстүнөн иштеп келет",-деп кошумчалаган докладдын авторлору.

Дональд Трамптын демократияга колдоо көрсөтүүнү токтотуу чечими дүйнөдөгү автократиялык лидерлерди ээликтирди.

"Америкалык лидер эң жагымсыз диктаторлорго суктанып, ал тургай достук тууралуу сөз кылды. Ал АКШнын 70 жыл ичинде негизделген сырткы саясатындагы принциптерин четке какты",-деп айтылат докладда.

Freedom House жазганына караганда, "акыркы жылдары Американын өзүндө демократиянын стандарттары соңку он жылдарга салыштырмалуу тез жана көбүрөөк бошоңдоду".

Өзгөчө тынчсыздануу жараткан кырдаал Сауд Арабия, Пакистан, Венгрия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдө деп маалымдайт Freedom House.

Аталган институт 1972-жылдан бери эркин жана эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесин жарыялап келе жатат. Бул тизмеде Улуу Британия дүйнөдөгү эң эркин өлкө эсептелет. Анын эркиндик көрсөткүчү 94%, Германия дагы ушундай көрсөткүчтө. Франция 90%, АКШ 86%, ал эми Орусия - 20% көрсөткүчкө ээ болгон деп жазат Times. (AbA)

Тектеш темалар