"Региондогу өлкөлөр ооган коркунучуна тез чара көрбөсө, кеч болот"

Таалатбек Масадыков региондун, дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн ооган маселесин көп мамлекеттер биригип тезинен чечиш керек дейт Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption Таалатбек Масадыков региондун, дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн ооган маселесин көп мамлекеттер биригип тезинен чечиш керек дейт

Ташкентте Ооганстандагы коопсуздук боюнча эл аралык жыйын өтүүдө. Ал Ооганстанда Талибан кыймылы менен эч кандай шарт койбой туруп тынч сүйлөшүүлөрдү уюштурууга арналмакчы.

Эки күндүк жыйынга БУУнун баш катчысы, Евробиримдиктин өкүлү, Кытай, Британия, Германия жана башка мамлекеттердин тышкы иштер министрлери катышары күтүлгөн.

Өткөн апталарда ооган президент Ашраф Гани Талибанды атайын саясий күч катары таануу шарты менен тынчтыкка баруу боюнча билдирүүсүн маалымат каражаттары жазган. Ооганстандагы өкмөт менен талибдердин мамилеси тууралуу БУУнун Ооганстандагы атайын саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыков маекти сунуштайбыз.

"Талибан" кыймылы менен сүйлөшүү аракети ордунан жылып жатабы? Ооганстандан Борбор Азияга коркунучтун деңгээли кандай?

"Талиптер менен тынчтык боюнча сүйлөшүү ордунан жылбай келет"

Сүрөттүн автордук укугу NOORULLAH SHIRZADA/AFP/Getty Images
Image caption Масадыковдун айтымында талиптердин негизги күчтөрү Кандагар, Гильменд, Урузган, Забуль провинцияларында

Таалатбек Масадыков: Талиптер менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жана анык сүйлөшүү аракеттерин көп жылдардан бери ар кандай мамлекет жүргүзүп келет. Анын ичинде чоң мамлекеттер, коңшу мамлекеттер Ооганстанга жардам беребиз дешти. Ал аракетке Түркия да, Кытай да кошулду.

Бирок бул маселе ордунан жылбай, бүгүнкү күнгө чейин кыйынчылыктар болуп жатат. Ошондуктан региондогу башка мамлекеттер да өз сунушу менен чыга баштады. Орто Азиядан биринчи болуп 7-8 жыл мурун Кыргызстан менен Түркмөнстан өз аймагында сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берели деп айткан.

Эми Орусия тарабынан ошондой сунуш болуп жатат. Анын ишке ашуусу суроо боюнча калат.

Акыркы убактарда талиптердин башчылары Батыш мамлекеттерине көп ишенбей региондогу өлкөлөргө көңүл буруп калды.

Бирок кайсы мамлекет аркылуу болбосун, Орусиябы, Түркиябы же Кытайбы сүйлөшүү сөз жок болуш керек. Ал бир гана Ооганстанга эмес, жалпы регионго керек.

Би-Би-Си: Өткөн апталарда Түркияда сүйлөшүү өткөнүн айрым маалымат каражаттары жазса, акыркы жолу Пакистанда өткөнүн “Рейтер” агенттиги кабарлады. Ооган бийлиги менен талиптердин арасындагы азыркы мамилеге кандай баа бересиз?

Таалатбек Масадыков: Ооганстандагы бийликтен талиптер кетип, жаңы режим келгенине он алты жылдан ашты. Бул убакыт ичинде, айрыкча акыркы он жылда көп мүмкүнчүлүктөр болду. Бирок алигиче өкмөт менен “Талибан” бетме бет отуруп сүйлөшө элек.

Сүрөттүн автордук укугу JAVED TANVEER/AFP/Getty Images
Image caption "Талибан" кыймылынын согушкерлери лидерин угуп жаткан учур, 2015-жыл

Талиптер өлкөдөн сырткы мамлекеттердин куралдуу күчтөрү чыгып кеткенде гана өзүбүзчө отуруп сүйлөшөбүз деген шартты коюуда. Ал эми өкмөт аны кабыл албай жатат.

Ар кайсы мамлекетте сүйлөшүүлөр болуп жатат дегенге жүз пайыз ишенүү кыйын. Анткени Катардын борбору Дохада талиптердин расмий өкүлчүлүгү ачылганына тогуз жыл болду. Алар ошо жерге гана келип сүйлөшкүлө деп жатышат.

Ооганстандын эли улуттарга, уруу урууларга бөлүнүп кеткен. Уруулардын башчылары же дагы башкалар талиптер менен сүйлөшүп жатабыз деп медиага бере башташкан. Ошол эле учурда кыймылдын жетекчилери сүйлөшүү өткөн жок дешет.

“Рейтерге” чыккан маалыматка ылайык, үч киши, анын ичинде талиптердин башчысы Мулла Хайбатулла Ахунзада документтерге кол коюп, Дохадан келип Исламабаддагы сүйлөшүүлөргө катышмак. Үчөөнүн бирөөсүнүн аты мага белгисиз.

Бул так болсо, чыныгы талиптер сүйлөшүүгө макул болгону анык.

Куралдуу оппозиция делген талиптерден сырткары мамлекеттин куралдуу күчтөрү өздөрү менен өздөрү салгылашып жатат. Эли да тажады, андыктан тезден тез сүйлөшүү жүргүзүш керек.

"Талиптер согуштан баш тартуудан алыс"

Би-Би-Си: АКШ менен НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн командачысы Джон Николсон өткөн аптада Гильменд провинциясында талиптер чегинип жатканын айтты. Бул ырас болсо, чоң жана маанилүү Гильменд провинциясындагы кырдаал жалпы Ооганстандан кандай кабар берет?

Таалатбек Масадыков: Талиптер 1994-1995-жылдары бийликке келгенде Ооганстандын тарыхый борбору Кандагар шаарын расмий борбору кылышкан. Гильменд Кандагардын жанында. Талиптердин негизги күчтөрү ошо жердеги Кандагар, Гильменд, Урузган, Забуль деген төрт провинцияда. Эли да аларды мурдатан колдоп келген.

Николсондун айтканы мен үчүн суроо. Гильмендде уруулар көп. Балким айрым уруулар согушту токтотуп, өкмөт менен сүйлөшөбүз дегендир. Кээ бирлери согушту уланта берет.

Мен өзүм Кандагар, Гильменд, Урузган, Забуль жана Нимроз провинцияларында беш жыл жашап, бешөөнү тең өзүм башкаргам.

Сүрөттүн автордук укугу WAKIL KOHSAR/AFP/Getty Images
Image caption Ооган айылдарынын бири

Ошондогу тажрыйбама ылайык, айрым уруулар согушпайбыз деген чечимге келгендир деп жатам. Бирок баары жалпы тынчтыкка барууга азыр жете элек.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен талиптердин мамилеси

Би-Би-Си: “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топтун Ооганстандагы активдүүлүгү кандай?

Таалатбек Масадыков: Бул күчтөр 2015-жылдан тарта чыга баштады. Ооганстандын чыгыш тарабындагы Пакистан менен чек аралаш Нангархар провинциясы, анын борбору Жалалабад шаарынан, Кунар жана Нуристан деген провинциялардан чыгышкан.

Ошондо Ооганстандын расмий бийлиги өлкө ичинде аларды колдогон эл жок, көбүнчө Пакистандан келгендер, ошондуктан бул топ анча коркунучтуу эмес деген. Бир-эки жыл көңүл бурушкан жок.

Азыр аларга оогандыктар кошулган жок, көпчүлүгү чет мамлекеттиктер деп жатышат. Чет жердик дегенде ортоазиялыктарды да айтып жатышат. Бул кыймылда андан сырткары түндүк кавказдыктар, татарстандыктар, арабдар, пакистандыктар бар, бирок азыраак санда. “Ислам мамлекети” азыр күчтөнүп, көбөйүп жатат.

Айрыкча Ооганстандын түндүгүндө, Орто Азия мамлекеттери менен коңшу провинцияларында жайгашып, акыркы бир жарым жыл ичинде көбөйүп кетти. Муну биздин мамлекеттер менен Орусия да айтты.

Ал эми НАТО ооган өкмөтү өңдүү “ИМ” анча көп эмес деген. Бир жарым айча мурда Батыш басылмалары НАТОго таянып, эки-үч миңдей бар деди. Демек НАТО дагы көбөйгөнүн эми тастыктап жатат.

Ал Ооганстан гана эмес Орто Азия мамлекеттерине да чоң корунуч туудурууда.

Би-Би-Си: “Талибан” менен “Ислам мамлекети” аталган топ эмне үчүн бири-бирине каршы салгылашууда?

Таалатбек Масадыков: “Ислам мамлекети” аталган кыймылдын максаты – Ооганстан менен Орто Азияда хурасан деп аталган халифаттын бир бөлүгүн түзүү. Бул жалпы идеологиясы.

Ал эми “Талибан” кыймылы “максатыбыз Ооганстандын сыртында эмес, Ооганстанда өз көз карашыбызга ылайык мамлекеттик система түзсөк, ошону менен токтойбуз” дешет.

Экөөнүн эң негизги карама-каршылыгы ушунда.

Бирок экөө тең Ооганстанда сырткы күчтөр менен, НАТО менен согушуп жатышат.

Ал эми негизинде эмне болуп жатканын айтуу кыйын. Анткени Ооганстанда башаламан болуп калды. Бир жерде эки кыймыл бири-бирине каршы согушуп жатат, айрым аймактарда биригип жатат.

Алыс жана тоолуу райондордогу эл жакыр жашагандыктан кайсы топ үчүн болсо да айырмасы жок, акчага согушкандар бар. Идеология үчүн, саясий максат менен согушкандарга айырмасы бар.

Ооганстандын түштүгүндө “Ислам мамлекети” талиптерден утулду. Ал эми талиптер алсызыраак жерлерде экөө тең өз аймагын коргоп, тирешип турушат. Ал эми айрым райондордо талиптер кошулдук деп жатат, андыктан жерине карап айырмаланат.

“Ислам мамлекети” деген топко биздин регион да, Кытай, ЖККУ көңүл буруп, маселени бирге чечпесе, ырбап кетет.

Борбор Азияга сырттан эмес, ичтен коркунуч бар

Би-Би-Си: Ооганстандан Борбор Азияга ушу тапта кандай реалдуу коркунуч бар жана кайсы деңгээлде?

Таалатбек Масадыков: Коркунучту туудурган эң негизги жагдай өзүбүздүн шартыбыз. Региондогу беш мамлекеттен социалдык-экономикалык жактан эң эле начар абалда Кыргызстан турат.

Бул маселелер чечилбегендиктен нааразылар ар кайсы кыймылдарга кирип кетүүдө. Экинчиден, мамлекет радикалдуу, экстремисттик топторго каршы кесипкөй иш алып баралбагандыктан алар көбөйүп кетти.

Казакстандын түштүгүндө да бар, бирок Кыргызстанда өзгөчө. Көзөмөл жок болгон үчүн элибиз ар кайсы идеологияны ээрчип жатат, өзгөчө 35-40тагы жаштар. Анткени жумуш жок, адилетсиздиктер орун алууда.

Ооганстандын таасири кандай? Алар менен Орто Азиянын чек арасы Советтер союзундагыдай же башка мамлекеттердикиндей бекем эмес. Айрыкча тоолуу жерлерде чек ара ачык десе болот. Демек, коркунуч оогандардан эмес, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын ар кимге кошулуп, согуш талааларынан тажрыйба алып келген жаштарынан келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу STR/AFP/Getty Images
Image caption Ооган өкмөтүнүн аскери

“Ислам мамлекети” аталган топко кошулган жаштар Ооганстан чек арасынан кирип келип чабуул кылбайт. Бирок чакан топтор кирип, мамлекетти дестабилизация кылыш оңой. Ошондуктан коңшу мамлекеттер бул маселени биригип чечиш керек деп ойлойм.

Баары бириккенде да куралдуу күчтөр анча көп эмес. Ооганстан менен салыштырсак, орточо эсеп менен куралдуу күчтөрү, полициясы чогуу 400 миңден ашык.

Кыргызстандыкы бар болгону он беш миң. Саны да жетпейт, техникалык камсыздалуусу да начар, каражат да жок.

Коңшулардан Өзбекстандын куралдуу күчтөрү эң күчтүү. Экинчи орунда Казакстан деп ойлойм. Анан тажиктер, түркмөндөр, артта кыргыздар келет.

Маселени ар ким өзүнчө чечебиз деген туура эмес көз караш. Бириккенде да күчүбүз жетеби же жетпейби билбейм.

Россиянын жардамы кээ бир мамлекеттер үчүн суроо болсо, мен жардам берерине ишенем. Кытай да бар.

Андыктан бул маселеге тезинен көңүл бурбаса кеч болуп калат.

Башка мамлекеттер менен да сүйлөшүп, ооган өкмөтү, куралдуу күчтөрү менен чара көрүш керек.

"Сырткы күчтөр чындап киришсе ооган маселесин чечсе болот"

Би-Би-Си: Кытай менен Россиянын жардамы тууралуу айтып жатасыз, Батыш менен АКШнын Ооганстандагы операциялары, аракеттери канчалык натыйжалуу болуп жатат?

Сүрөттүн автордук укугу SHAH MARAI/AFP/Getty Images
Image caption Ооган аскери

Таалатбек Масадыков: АКШга жаңы президент Трамп келгени стратегия жаңы дешти. Албетте саясатта ар кандай болот. Эки апта мурда Американын БУУдагы өкүлү Ооганстанга келгенде стратегиябыздын натыйжасы көрүнүп жатат деди.

Мен 38-39 жыл согуш болуп жаткан мамлекеттин ичинде маселени бат чечип коюш өтө кыйын деп эсептейм. АКШ менен НАТО мамлекеттери чындап кааласа, риторика гана эмес, Ооганстанга чындап жардам беришсе, региондогу мамлекеттер да бириксек, маселе чечилет.

Бирок ушул же кийинки жылы чечилет дегенден алысмын. Кеминде 5-10 жыл керек.

Би-Би-Си: АКШ менен НАТОнун аракетинин активдүүлүгү же тескерисинче басаңдашы тууралуу эмне айта аласыз?

Таалатбек Масадыков: Өздөрү активдүүрөөк иштеп калдык дешүүдө. НАТОнун куралдуу күчтөрү Ооганстанга 2002-жылы келген. Саны 2004-2005-жылы эң жогору болуп, аскер саны 200 миңден ашкан. Аскер ошондо чоң жетишкендик жасай алган жок.

Азыр баары биригип 10 миңдин тегерегинде аскер бар. Мурдагыдан 20 эсе аз. Эки жүз миң ийгиликке жете албаса, он миң аскер чечип коёбу?

Региондогу Кытай, Россия, Орто Азия, Ооганстандын коңшусу Иран бирикпесе, Пакистан өз саясатын өзгөртүп кошулбаса чечиш кыйын.

Кайсы генерал, кайсы саясатчы болбосун маселени чечкени жатабыз, чечилип калды десе, бул чындыктан алыс.

Тема боюнча башка макалалар