Италияда поезд рельстен чыгып кетип, кырсыкка кабылды

Миландын чет жакасындагы темир жолдо поезд рельстен чыгып кетип, кырсыктан үч киши каза тапты. 10 киши олуттуу жаракат алган деп кабарлады "Рейтер" агенттиги.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жүргүнчүлөргө жык-жыйма толгон поезд таңкы саат 5:32де Кремона шаарынан Миланды көздөй келе жаткан.

Окуя эрте мененки саат жетиде Миландын чет жакасындагы Segrate жана Pioltello станцияларынын ортосунда орун алган. Кырсык шаардан 40 чакырым алыстыкта жүз берген.

Өрт өчүрүү кызматынын өкүлү каза тапкандар саны өсүшү мүмкүн экенин айтты деп жазды айрым басылмалар. Транспорттук компаниянын расмий билдирүүсүндө кырсыктын себептери азыр белгисиз болуп турганы айтылган.

Il Post басылмасы эки киши мерт болуп, дагы беш киши вагондорго кыпчылып калганын, 50 киши жеңил жаракат алганын кабарлады.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жүргүнчүлөргө жык-жыйма толгон поезд таңкы саат 5:32де Кремона шаарынан Миланды көздөй келе жаткан. Бул Миланда окуп, иштеген тургундар көп каттаган багыттардын бири эсептелет, аралык 80 чакырымдай бар деп белгилейт басылма.

Поезд алты вагондон туруп, жүздөгөн жүргүнчүлөр бар эле деп жазды Il Sole 24 Ore.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Окуя болгон жерде өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары иштеп жатат. Миланга каттаган поезддер убактылуу токтотулду. (AbA)

Тектеш темалар