Ооганстан: Террордук чабуулда 11 аскер каза тапты

Afghan soldiers Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы аскердик базага кол салуу болуп, кеминде 11 аскер каза тапты. Чабуулду өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ уюштурганын мойнуна алды.

Кол салуу таңкы саат беште оорун алды. Куралчандар Кабул шууранын батыш тарабындагы Ооган улуттук армиясынын аскердик базасына кирип барышкан.

Аскердик база Маршал Фахимдин атындагы Улуттук коргонуу университетине жанаша жайгашкан.

Куралчандар гранатомёт колдонуп, жан кечтинин жардыруусун дагы уюштурушту.

Коопсуздук кызматкерлер куралчандардын бирин тирүү кармашты, төртөө жок кылынды же өздөрүн жардырып салышты.

Кабулда он күндүн ичинде үчүнчү жолу террордук чабуул уюштурулууда.

Ишемби күнү шаардын борборунда жардыруу болуп 100дөн ашуун адам каза тапты. Алардын айрымдарынын аты-жөнү дале аныктала элек. Өткөн аптада мейманканага кол салуу болуп, 22 адам курман болгон.