Ооганстандагы кол салуулардын күчөшүнө эмне себеп?

Соңку он күндүн ичинде Ооганстан баш калаасы Кабулда үчүнчү ирет жардыруу катталды. Баш калаада кырдаал чыңалып, тургундар жаңы кол салуулардан кооптонуп турушат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Аскер базасына кол салуу болгон аймакта жолду бөгөп турган аскерлер.

Соңку окуялар Ооганстанда жаңжал кайра курчуганынан кабар береби? Кол салуулардын себеби эмнеде?

Дүйшөмбүдө согушкерлер Кабулдагы аскердик академиянын өткөрмө бекетине кол салышты. Кеминде 11 жоокер мерт кетип, 16сы жаракат алды деп билдирди Би-би-сиге Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы. Анын айтымында, кол салгандардын төртөө жок кылынып, бирөө кармалган.

Кол салуунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ моюнуна алды. Бул тууралуу аларга байланышы бар делген "Амак" маалымат агенттиги кабарлады.

Жардыруулардын хронологиясы

  • 21-январь: Куралдуу топ Кабулдагы көбүнчө Батыш өлкөлөрүнөн келгендер конуп калчу "Интерконтиненталь" мейманканасына кол салган. Расмий маалыматтарга караганда беш киши каза тапкан. Алардын бири чет элдик жаран. Кеминде алты киши жаракат алды.
  • 27-январь: Кабулдун борборунда жанкечти "Тез жардам" унаасын жардырып, кеминде 95 киши мерт болду. 150дөн ашуун киши жаракат алды. Бул жардыруунун жоопкерчилигин "Талибан" кыймылы өзүнө алган.
  • 29 январь: Кабулдагы аскер базасына кол салуу болуп, кеминде 11 жоокер мерт кетти. 16 аскер кызматкери жаракат алган. Кол салуунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ моюнуна алды.

Жаңжал курчуп жатабы?

Ооганстандык саясат таануучу Харун Мидин пикиринде, соңку апталарда зомбулуктар күчөп кетти.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бул соңку аптадагы экинчи кандуу кол салуу болуп калды.

"Борбор шаардагы жашоо-турмуш шал болгон абалда туруп калды. Өкмөт иштебей жатат, тургундар болсо үйлөрүнөн чыкпай калды. Мектептер жабык. Бул зомбулуктар мурдатан биз көнгөн абалдан алда канча кооптуу",-деди ал.

Жаңжал күчөп бара жатат деген пикирлер менен Би-би-синин ооган кызматынын редактору Давуд Азами дагы макул болуп жатат.

"Өлкөдө көп жылдан бери эле аскердик аракеттер токтобой келүүдө. Бирок бир аптада үч жолу жардыруу - жаңжалдын күчөп жатканынан кабар берет. Анын үстүнө үч жардыруу тең стратегиялык маанилүү жерлерде болуп, көп кишинин каны төгүлү",-деди Давуд Азами.

Эмне үчүн азыр?

Соңку кырдаалга себеп болчу бир катар жагдайлар айтылып жатат.

"Биринчиден, Ооганстанга бир нече миң аскерди жөнөтүү жана өзүнүн аскер башчыларына "Талибандардын" турумдарына чабуул жасоо укугун берген АКШ президенти Дональд Трамптын стратегиясынын күчүнө кириши",-дейт Давуд Азами.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Жекшембиде кол салуудан каза тапкандар жерге берилген эле.

Азами белгилегендей, АКШ талибдердин каржы булактарына сокку урду. Ошондой эле баңгизат лабораторияларын жок кылды.

"Алар "Талибанга" болушунча кысым көрсөтүп жатышат. Буга жооп кылып "Талибан" дале алдуу-күчтүү экенин далилдөөгө аракет кылууда".

Экинчи себеп, журналисттин айтымында, "Талибан" Ооганстан өкмөтүнүн жана атайын кызматтарынын алсыз экенин көрсөтүүгө далалаттанып жатат.

Үчүнчүсү, "Талибан" менен "ИМ" тобунун ортосундагы атаандашуу. Эки топ тең Кабулга кол салууларды уюштуруп жатат.

Би-би-си кабарчысы Секандер Кермани окуя болгон жерден кабарлап жатып, бул сыяктуу согушкерлердин кол салуулары ооган өкмөтүнүн кадыр-баркын кетирет деп белгиледи.

Атайын кызматтар адашып калдыбы?

Ооганстандын атайын кызматынын дарегине ачуу сындар жаап жатат. Тургундар арасында дагы коопсуздук кызматын тилдегендер көп дейт ооганстандык аналитик Харун Мир.

Коопсуздук боюнча улуттук дирекциянын жетекчиси Мохаммад Масум Станекзай, ишембидеги жардыруудан кийин билдирүү жасап, коопсуздук кызматы колдон келгенин кылды деп айткан эле.

"Биз көптөгөн чабуулдарды алдын алып калдык. Бирок айрымдарын алдын алуу мүмкүн эмес",-деп айткан Мохаммад Масум.

Узакка созулган жаңжал

Би-би-синин ооган кызматынын реадктору Давуд Азаминин болжолунда, жаңжал жакынкы күндөрдө токтойт деп айтуу кыйын.

НАТО маалыматына караганда, "Талибан" Ооганстан аймагынын 40% көзөмөлдөп турат. АКШ болсо талибдер көзөмөлдөгөн аймакты эки жыл ичинде эки эсеге кыскартууга ниеттенип жатат. (AbA)