Бүгүнкү күндөгү мафия: италиялык кландардын түзүмү

Январда Римде кармалган кылмыштуу топтордун биринин лидери делген киши. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Январда Римде кармалган кылмыштуу топтордун биринин лидери делген киши.

Италиянын полициясы мафияга каршы өнөктүктүн жүрүшүндө бир катар аймактарда тинтүүлөрдү өткөрүп, Неапол, Рим жана сицилиялык Агриджентодон ондогон кишини камакка алды. Кармалгандарга буюртма адам өлтүрүү, аткезчилик, пара алуу, тоноо, сойку бизнесин уюштуруу сыяктуу бир нече айыптар тагылды.

Бүгүнкү күндө италиялык мафия деген кандай көрүнүштө?

"Коза Ностра" - сицилиялык мафия

Сицилиялык топтор бүтүн дүйнөгө тараган мафияны түзгөн. 1800-жылдары алар Сицилияда чоң күчкө жана таасирге ээ болуп турган. Акырындап алардын таасири күчөй берген.

"Коза Ностра" сөзүн таржымалдаганда "биздин ишибиз" деп которулат. Үй бүлөлүк каландар негиз болуп түзүлгөн алгачкы мафия ушундай ат менен аталган.

Алар өздөрүнүн жазылбаган катаал мыйзамдары менен белгилүү. Саткындарды жан чыдагыс кыйноо жана өлүм күтүп турган. Ал тургай алардын жакындары жазаланган.

Бүгүнкү күндө деле Сицилия мафиясынын мүчөлөрү кандайдыр бир коммерциялык талаштарды чечүүдө, уурдалган буюмдарды кайтарып берүүдө "сүйлөшүүлөргө" тартылат. Көпчүлүк ишкерлер мафияларга бизнеске "коргооочу" болуп бергени үчүн акча төлөгөндү жаман көрүшөт.

"Коза Ностра" АКШда дагы белгилүү. Булар Чикаго, Нью-Йорк жана башка бир катар шаарларда башка кылмыштуу топтор менен душмандашып, рэкетчилик менен алектенет. Кылмыштуу топ 1920-жылдардагы аракка тыюу салган "кургак мыйзамдын" учурунда мыйзамсыз спирт сатуу менен алектенип, бир топ чыңдалып алган.

Федералдык иликтөө бюросунун тастыктоосунда, америкадагы кылмыштуу синдикат жалпысынан италиялык кландар менен байланышы жок. "Коза Ностра" кылмыштуу тобунун негизги кирешеси баңгизат соодасынан түшөт.

Бүгүнкү күндө "мафия" деген сөздү укканда эле көптөр Марлон Брандонун "Өкүл ата" тасмасын эстеши мүмкүн.

Бир катар италиялык уюшкан кылмыштуу топтор өзүнүн ишмердүүлүгүн чет өлкөлөрдө жүргүзүп, Орусия, Кытай, Албания жана башка бир катар өлкөлөрдөн чыккан катаал кылмыштуу топтор менен атаандашып жүрөт.

Айрым учурларда кылмыштуу топтор биргелешип иштеп, үлүшүн бөлүштүрүп алган учурлар бар.

"Коза Ностра" жергиликтүү жана мамлекеттик саясатка Италияда эле эмес АКШда дагы аралашып баштаган.

Федералдык иликтөө бюросунун маалыматы боюнча "Коза Ностра" жана ири мафиялык топтор - "Каморра", "Ндрангета", "Сакра Корона Унитенин" 25 миң мүчөсү бар. Бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча буларга байланышы бар делгендердин саны 250 миң киши.

"Коза Ностраны" Сальваторе Риина жетектеп турган учурда кылмыштуу топ Италия мамлекети менен согушка чейин жете тургандай абалда болду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Прокурор Жованни Фальконе өлтүрүлгөн жерде атайын эстелик тургузулган.

1992-жылы май айында Риинанын адамдары Палермодон анчейин алыс эмес жерде прокурор Жованни Фальконенин унаасын жардырып жиберишкен. Жыйынтыгында прокурор жана жубайы, үч сакчысы мерт кеткен.

Эки ай өткөндөн кийин жаңы дайындалган прокурор Паоло Борселлино өлтүрүлгөн. Анын дагы унаасын жардырып жиберишкен.

Риина 87 жаш курагында 2017-жылдын ноябрь айында түрмөдө көз жумду. Ал өмүр боюу эркинен ажыратылган эле.

"Коза Ностра" Сицилиядагы жергиликтүү буюртмачылар аркылуу Европа биримдигинин айрым экономикалык долбоорлоруна чейин колу жеткен.

2010-жылдагы Би-би-сининин иликтөөсү көрсөткөндөй, мафиялык түзүмдөр каражат алып жүргөн бизнес-долбоорлордун арасында шамалдан алынган электр энергиясы боюнча долбоор дагы болгон.

Уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу маалымат жыйнаган Оксфорд университетинин кызматкери Федерико Варесенин айтымында, учурда "Коза Ностра" мамлекет тарабынан каржыланган мигранттар үчүн берилген жатаканалардын үстүнөн "коргоочу" болуп жүрөт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Мафияларга таандык Корлеоне шаарындагы бул жайларды конфискациялап алып, мейманканага айландырышты.

"Бирок мигранттар арасынан чыккан кылмыштуу топтор мафия менен айрым чөйрөлөр боюнча атаандашкысы келет. Айталы, сойкулук бизнеси боюнча",- деп айтып берди Би-би-сиге Варесе. Ал кошумчалагандай Сицилиянын полициясы мафияларга "чоң кысым" кылып жатат.

"Каморра" - неаполитандык мафия

Неапол жана Казертедеги "Каморра" кланында болжолу 4500 киши бар. Алардын негизги "ишмердүүлүгү" - баңгизаты. Бул топтогулар ашынган мыкаачылыгы менен айырмаланып турат. Кылмыштуу топ курулуш компанияларынан, кийим тиккен ишканалардан акча алары дагы айтылып жүрөт. Өзгөчө популярдуу бренддердин жасалмасын чыгарган фирмалардан акча өндүрөт. Мындай фирмаларда көбүнесе кытайлыктар иштейт.

2006-жылы бул кылмыштуу топтун иш-аракетин ачыкка чыгарган италиялык журналист Роберто Савианонун "Гоморра" деген китеби жарык көргөн. Китеп жарыкка чыккандан кийин Савиано коркутууларга кабылган. Азыр журналист бийликтин калкалоосу менен күн кечирет.

Америкалык Си-би-эс радиосуна берген интервьюсунда Савиано, "Каморра" менен "Ндрангета" өзүнүн катаал иерархиясы жана жаш лидерлери менен, "кан төгүүлөрү" менен "Коза Нострадан" айырмаланып тураарын айткан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Неаполдун Скампия аймагындагы бул жарым жартылай бузулган үйлөр "Каморранын" белгилүү притону эсептелет.

Савианонун айтмында бүгүнкү күндө бул эки топ "Коза Нострадан" алда канча күчтүү жана саясатка көп алагды болгон эмес.

Баңгизат алып өткөн түйүндөрү Испанияда дагы бар. Бирок кылмыштуу топтун туруктуу байырлаган жери Неаполдун Скампия жана Секондильяно сыяктуу жакыр аймактары.

Бир нече ай мурун Италияда мафиялы кландын мүчөсү тележурналистти башы менен сүзгөнү камерага тартылып калып, чоң жаңжал болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Журналист Роберто Савиано жансакчылардын коштоосунда.

Профессор Варесе белгилегендей, "Каморра" кылмыштуу тобунда аялдар маанилуү ролдорду ойношот. Алар курьердин жана "бухгалтердин" ишин кылышат.

Калабриялык мафия - "Ндрангета"

Калабрия - "Италиянын жакыр аймактарынын бири. Провинция Сицилиядан анчейин алыс эмес жерде орун алган. ФИБ (ФБР) маалыматына караганда, учурда кылмыштуу топтун болжолу алты миңдей мүчөсү бар.

Бул топ деле башка кылмыштуу топтор сыяктуу аткезчилик жана баңгизаты менен алектенет. Профессор Варесенин айтымында, бул топтун мексикалык жана колумбиялык кылмыштуу топтор менен түз байланышы бар.

Айрым эсептөөлөргө караганда, "Ндрангета" Европада көмүскө сатылган кокаиндин 80% көзөмөлдөйт.

"Ндрангета" Италиянын түндүгүндө таасирдүү эсептелип, Туриндин чет жакасындагы кылмыштуу бизнестерди көзөмөлүнө алган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2008-жылы "Ндрангета" анабашыларынын бири Паскуале Конделло камакка алынган.

2007-жылы германиялык Дуйсбургде "Ндрангета" өзүнүн мыкаачылыгын көрсөткөн. Шаарда италиялык кылмыштуу топторго таандык алты киши өлтүрүлгөн.

Апулиялык мафия - "Сакра Корона Унита"

Италиялык кландардын ичинен эң чакан кылмыштуу топ. Италиянын түштүк-чыгышындагы Апулияда.

ФИБ берген маалымат боюнча топтун эки миңдей мүчөсү бар. Апулиянын географиялык абалы чөлкөмдү аткезчилик үчүн идеалдуу порт болушуна шарт түзөт. Бул кылмыштуу топ чыгыш европалык уюшкан топтор менен тыгыз байланышта деп каралып жүрөт. (АbА)