Кубада Фидель Кастронун тун уулу өз жанын өзү кыйды

Фидель Кастронун тун уулу 68 жаштагы Фидель Анхель Кастро Диас-Баларт Кубада өз жанын өзү кыйганы тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Фидель Анхель Кастро Диас-Баларт Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Айтылган кабарларга караганда, соңку айларда Кастро терең депрессияга кабылганы үчүн дарыгерлер жардам көрсөтүшкөн. Башында ооруканага жатып, кийин үй шартында дарыланууга чыгарылган.

Кастро Диас-Балартты Кубада Фиделито деп аташчу. Анткени атасына абдан окшош эле. Ал 1949-жылы Гаванада туулган. 1968-жылы Воронеж мамлекеттик университетине тапшырып, эки жылдан кийин Москва мамлекеттик университетине которулган.

Жогорку окуу жайын "өзөктүк физика" адистиги боюнча бүтүрүп чыгып, аспирантурага өткөн. СССР аймагында Фиделито ойдон чыгарылган Хосе Рауль деген ысым менен жүрүп, илимий эмгектерди жазган.

Акыркы жылдары Фидель Кубанын мамлекеттик кеңешинде илимий кеңешчи жана Кубанын илимдер академиясынын президентинин орун басары болуп иштеген.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кастро Диас-Балартты Кубада Фиделито деп аташчу. Анткени атасына абдан окшош эле.

Диас-Баларттын атасы кубалык революциянын лидери Фидель Кастро 90 жаш курагында 2016-жылдын 25-ноябрында каза тапкан эле. Мндан он жыл алдын мамлекет башчылык кызматты иниси Раулга өткөрүп берген.

Фидель Анхель Кастро Диас-Баларт атасынын мураскери болууга эч качан атаандашкан эмес жана саясатка аралашпаган.

"Үй бүлө мүчөлөрүнүн ар биринин өз тагдыры бар. Ар кимибиз өз жолубуз менен өнүгөбүз",-деп айткан экен интервьюларынын биринде. (AbA)

Тектеш темалар