Түштүк Кореянын соту Samsung жетекчисин абактан бошотту

Түштүк Кореядагы эң бай бизнесмендердин бири Samsung Electronics компаниясынын вице-президенти Ли Чжэ Ён түрмөдөн бошотулду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ли Чжэ Ён түрмөдөн бошотулду.

Ли Чжэ Ён өлкөнүн мурунку президенти Пак Кын Хеге аралашкан коррупция жаңжалына байланыштуу айыпталган. Август айында бизнесмен беш жылга эркинен ажыратылган эле.

Түштүк Кореянын апелляциялык соту Ли Чжэ Ёндун актаган жок, бирок беш жылдык абак мөөнөтүн эки жарым жылга кыскартып, коррупция берене боюнча актады.

Коррупциялык жаңжал саясатташып кетип, өлкө экономикасын кармап турган ири корпорацияларга карата коомчулуктун нааразылыгын жараткан эле.

Азия өлкөлөрү боюнча Би-би-синин бизнес кабарчысы Каришма Васванинин айтымында, окуянын мындай өнүгүшү күтүүсүз болду.

Samsung компаниясындагы булактар билдиргендей, Ли Чжэ Ён байланышкан окуялар компанияга таасирин тийгизген эмес. Айталы, өндүрүш аксап же акциялар арзандаган жок. Бирок дүйшөмбүдө Ли Чжэ Ён бошотулгандан кийин Samsung акциялары жогорулаган. Анткени инвесторлор Ли Чжэ Ёнду иш жүзүндө компаниянын жетекчиси катары эсептейт.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө өлкөдөгү ири корпорацияларды коррупциядан тазаларын айтып чыккан. Эми көпчүлүк президенттин убадасына карабай Ли Чжэ Ён жазадан кутулду деп кабыл алышы мүмкүн.

49 жаштагы Ли электроника, уюк телефондорду, телевизорлорду, мониторлорду жана башка техникаларды чыгарган Samsung компаниясынын вице-президенти кызматын ээлейт. Бирок анын атасы, компаниянын президенти Ли Гонг Хи инфаркт болуп ооруп калгандан кийин Ли Чжен Ён иш жүзүндө корпорациянын башчысы болуп калган.

Өткөн жылы мурунку президентин курбусу Чхве Сун Силь мыйзамсыз түрдө ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго миллиондогон акча которууга мажбурлаганы иликтенген. Ушул фонддордун ишмердүүлүгү боюнча иликтөөлөрдөн кийин коррупциялык жаңжал тутанды. Анын арты менен Президент Пак Кын Хеге парламент импичмент жарыялаган.

Сот Ли Чжэ Ёндун Чхвенин фондуна төлөгөн 41 млрд вон (36 млн доллар) акчасын Түштүк Кореянын бийликтерине корпорациянын ишин реструктуризация кылуу үчүн берилген пара деп тапкан эле. (AbA)